Новости

Проекты

EN
08/10/2021

БОРБОР АЗИЯЛЫК МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН АРАСЫНДАГЫ СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

load img

Өзүңүздөргө маалым болгондой "MediaSabak" КФ медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча алдыдагы II Борбор Азиялык конференциянын алкагында ММС компоненти камтылган мыкты сабактардын иштелмесин иштеп чыгуу үчүн мектеп мугалимдеринин арасында сынак жарыялаган. Бул сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мектеп мугаилимдеринен жалпы 100дөй ММС компоненти камтылган сабактардын иштелмелери келип түшүп, аны экспеттер талдап чыгып, жыйынтыгы чыгарылды.

 

Сынактын уюштуруучулары алдыңкы орундарды ээлеген эмгектердин ээлери болгон мугалимдерге байланышып, аларга алдыда болуучу конференцияга чакыруу катын жиберди. 14-15-октябрда өтүүчү конференциянын жыйынтыктоо аземинде бул сынакта байгелүү орундарга ээ болгон жеңүүчүлөрдү сыйлап, алдыңкы орундарды багындырган мугалимдерди жарыялайт.

 

Ал эми электрондук дарегине кат келбеген сынактын катышуучуларына эч кандай капаланууга негиз жок. "MediaSabak" КФ бул сынакка катышкан бардык мектеп мугалимдердин эмгегин баалайт жана аларга ийгилик каалоо менен алдыдагы түрдүү иш-чараларга, ошондой эле долбоорлорго тартууга далаалат жасайт.

#CAMILCON2021  #MEDIASABAK

 

 

Other news

load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024
load img

Итоги Медиалаба: Участники #Текшердим овладели искусством Фактчекинга и Сторителлинга

14:46   26.02.2024
load img

Запуск марафона и менторской программы #Текшердим

14:44   26.02.2024