Новости

Проекты

EN
04/07/2022

Окуучуларга арналган Media Station 2022 лагери старт алды

load img

1-июлда кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде “Media Station 2022” лагери старт алды. Жайкы каникулда медиасабаттуулук боюнча билим алуу менен эс алууну айкалыштыруу үчүн Кыргызстандын бардык аймагынан 40 окуучу алынып келинди. 

 

Лагердин катышуучулары тогуз күн бою “Онлайн медиа”, “Мультимедиа” жана “Театр” студияларында заманбап-санарип техникаларды колдонуу менен сапаттуу видео тартканды, медиатекст жазганды, чыгармачылык менен маалыматтарды чыпкалоону өздөштүрүшөт.

 

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте “Медиа Сабак” коомдук уюму тарабынан иштелип чыккан программа боюнча, лагердин катышуучулары “Маалыматтык талаа”, “Интернет жана санариптик гигиена”, “Сынчыл ой жүгүртүү”, “Заманбап коомдо ММКнын ролу”, “Сөз эркиндиги жана демократия” жана башка темалар боюнча тажрыйбалуу педагогдордон сабак алышат.

 

Лагердин тренерлери белгилүү актер жана режиссер Болот Тентимишов, Би-Би-Синин журналисти Руфат Эргешов, өлкөнүн окуу жайларында жана мектептеринде медиасабаттуулуктун жайылышына зор салым кошуп келе жаткан Кундуз Жекшен кызы, Ширин Аманбекова, Каныкей Кененсариева, Урмат Каныбеков жана ОшМУнун журналистика кафедрасынын окутуучусу жана журналист Зарина Маматжанова.     

 

“Media Station 2022  - тарбиялык өңүттөгү акысыз лагер. Ага Кыргызстандын бардык аймагынан 9-10-11-класстын окуучуларынан 1800дөн ашуун билдирме келип түшкөн. Лагер 2017-жылдан бери окуучулар үчүн акысыз өткөрүлүп келет. Анын максаты - өлкөнүн жаш муундарына ааламдашуу доорунда интернет ресурстарын туура жана пайдалуу колдонууга, эркин ой жүгүртүүгө, сөз эркиндиги жана баалуулуктар боюнча билимин өркүндөтүүгө үйрөтүү болуп саналат”, - деди “Медиа Сабак” коомдук уюмунун жетекчиси Айчүрөк Усупбаева.    

 

Аталган лагер “Медиа Сабак” коомдук фонду жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлиги жана DW Akademie Europe and Central Asia каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.   

 

 

Other news

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024