Новости

Проекты

EN
14/09/2022

Медресе окуучулары үчүн Media Station 2022 лагеринин ачылышы!

load img

Кечээ, 2022-жылдын 10-сентябрында медресе окуучулары үчүн Media Station лагеринин ачылышы өттү! Ысык-Көлгө чогулган 50гө чукул катышуучу бир жумада критикалык ой жүгүртүүнү, интернет ресурстарын туура колдонууну жана медиа сабаттуулуктун негиздерин үйрөнүшөт.

 

Ачылышта «Медиа Сабак» фондунун директору Айчүрөк Усупбаева куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал белгилегендей, бул уюм үчүн жаңы тажрыйба алып келе турган пилоттук долбоор. Медресенин окуучулары үчүн лагерь өткөрүү идеясы «Мутакалим» коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы менен таанышканда, чыккан. Ар кандай иш-чараларды уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү чоң тажрыйба бул чакырыкты кабыл алууга мүмкүндүк берди.

 

Ачылышка КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Гүлзат Исаева жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов да катышты.

 

“Бул силер үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Сизде болгону 7 күн бар, андыктан аны максималдуу пайдалуу өткөргүлө. Заманбап дүйнөдө медиа чоң роль ойнойт. Машыктыруучу берген бардык билимди сиңирип алгыла. Фотоаппарат колдонгонду үйрөнгүлө, блог түзгүлө, өнүктөгүлө, көз карашыңарды кеңейткиле!”, - деп Равшан ажы Эратов лагердин катышуучуларына насаатын айтты.

 

Белгилей кетсек, жумалыктын алкагында катышуучулар «Мультимедиа» жана «Онлайн медиа» студияларында иштешет. Лагердин тренерлери Би-Би-Синин журналисти Руфат Эргешов, фонддун түштүк аймагы боюнча өкүлү Тынчтыкбек Досмуратов, тренер жана психолог Чолпон Бекболотова, Capital KG уюмунун өкүлү Руслан Кубанычбек уулу, долбоордун адистери Урмат Каныбеков, Каныкей Кененсариева, Кундуз Жекшен кызы жана Ширин Аманбекова.

 

Буга чейин «Медиа станциясы» окуу лагери Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мектеп окуучулары үчүн өткөрүлүп келген. Маалымат үчүн айта кетсек, лагерь 2017-жылдан бери Ысык-Көлдө бекер өткөрүлүп келет. Бүтүрүүчүлөр теориялык гана билим албастан, кызыктуу медиа продуктыларды жасоону да үйрөнүшөт. Алардын көбү мини-долбоорлорду ишке ашырып, өз жамааттарында тренингдерди өткөрүшкөн.

 

Лагер “Медиа Сабак” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлиги жана DW Akademie Europe and Central Asia колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Other news

load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024
load img

Итоги Медиалаба: Участники #Текшердим овладели искусством Фактчекинга и Сторителлинга

14:46   26.02.2024
load img

Запуск марафона и менторской программы #Текшердим

14:44   26.02.2024