Новости

Проекты

EN
18/04/2023

БАЛЫКЧЫДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

load img

Балыкчы шаарындагы С. Каралаев атындагы № 6 мектептин базасында медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча шаардык семинар уюштурулуп, ага шаардагы 10 мектептин мугалимдери катышты. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими, “Балыкчы” жамааттык медиа борборунун жетекчиси Зубаржад Жалилова билдирди. 

 

Семинардын жүрүшүндө С. Каралаев атындагы № 6 орто мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Р. Селеева “Медиа сабаттуулук деген эмне?” деген темада жалпы түшүндүрмө берсе, информатика мугалими Г. Калмашева социалдык медиа жана интернет жаатындагы тенденция тууралуу айтып берди. Андан соң аталган мектептин география мугалими Э. Каныбекова маалыматты издөөнүн, текшерүүнүн жөнөкөй жана кызыктуу амалдарын айтып берсе, мектептин медиа бурчунун жооптуу мугалими З. Жалилова медиа бурчтун иштерин презентациялады.

 

«Семинарга билим берүү жараянындагы медиа сабаттуулук боюнча өз тажрыйбасын бөлүшүү үчүн Ош билим берүү институтунун кабинет башчысы, «Медиа Сабак» фондунун Түштүк боюнча координатору Т. Досмуратовду да чакырганбыз. Ал медиа сабаттуулуктун билим берүүдөгү ордуна кенен токтолуп, мектептик медиа бурчтарды уюштуруунун усулдарын айтып берди. Соңунда ага Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана биздин мектептин ыраазылык баракчалары тапшырылды» - деп кошумчалады З. Жалилова.

 

Other news

load img

Медиа сабаттуулук дүйнөсүндө: Media Station 2023 лагери

12:33   11.07.2023
load img

“В мире медиаграмотности: Лагерь Media Station 2023”

12:32   11.07.2023
load img

На передовой защиты свободы СМИ: 24-я Центрально-Азиатская конференция СМИ ОБСЕ

19:13   10.07.2023
load img

Открытие летнего лагеря Media Station!

16:53   03.07.2023