Новости

Проекты

EN

Success story

Ийгилик окуясы: Мектептер арасында жарыяланган «Мыкты медиа бурч» сынагынын жеңүүчүлөрүнүн арасында баш байгени багындырган мектептик медиа бурчтун жооптуулары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан О. Атабекова мектебинин окуучуларынан куралган чыгармачыл тобунун лидери Бекболот Абдуллаевдин. 

 

“Мектепте медианы түзгүлө, бул мектебиңердин турмушун жеңилетет жана окууларды медиасабаттуулука чакырат. Ал эми медиасабаттуулук билим алууну жакшыртарында шек жок. Медиага өзүңөрдү арнагыла. Баардык ишке өзүңөрдү арнагандай. Кылычсыз самурай айтып өткөндөй “Берилип кызмат кылсаң, ал да сага берилип кызмат кылат” Ийгиликтин негизги сыры ушунда!”

Бекболот Абдуллаев

 

Бекболот окуучулар парламенти менен бирге мектеп жетекчилигине мектепте медианы өркүндөтүү боюнча сунуштар айтуудан баштаган.

Ошентип алгачкы кадамдарын мектепте кастинг аркылуу медиа жаатында иштөөгө жөндөмү бар окуучуларды топтоп, медиа каражаттарды даярдоо боюнча тренинг өткөргөн. Мектепте доолбоорлорго катышып, медиасабаттуулук боюнча түшүнүктөрү бар окуучулар бар экендигин аныктаган. Аларды да командага алып, чакан адамдар менен мектептин маалымат берүүчү ыктыярдуу тобун түзүшкөн. Ал маалымат берүүчү тобу ошол учурда жаңы изденүү убагында эле, соц тармактар, медиа тууралуу кеңири маалымат ала башташкан.

Медиабурчтар конкурсу боюнча соц тармактар аркылуу билип, кызыгып, сайтыбызга баш баккан. Биздин долбоорлор менен иштешип, окуучулар дагы да билим алып, мектептик медианы өркүндөтүүнү максат коюшкан.

Бекболоттун сөзү боюнча: “Баары кымындай гана нерседен башталган. Ойлоп карасам ошол убакта өз алдыбызча изденип олтуруп, медиа жана журналистика боюнча бардык билимдерди алыптырбыз. Команда болуп, бирге өз алдынча үйрөнгөнүбүз бизди ийгилике жетелеп, 1-орунду багындырдык. Азыр да айтып калабыз, чындыгында күткөн эмеспиз деп, себеби биринчи жолу катышып жаттык эле. Биздин максатыбыз сиздердин көзүңүздөргө көрүнүп, кийинки жылы ошол алыскы аймактагы биздин медиа командага да бир аз билим береби экен деген ой болгон.” 

Бекболот командасы менен биргеликте изденип отуруп сайт ачууну, мобилдик тиркеме түзүүнү да үйрөнүшкөн. Анан жайда мектептин сайтын ачууну жана тиркеме иштеп чыгууну пландап, жай мезгилинде аларды ишке ашырышкан. Сайт аркылуу окуучулар мектеп жаңылыктарын окуп, теле-сабактарды көрүп,  бири-бири менен маалымат алмаша алат. Бул функциялар мобилдик тиркемеде да каралган. Анын артыкчылыгы мобилдик тиркеме аркылуу окуучулар жадыбалды карап, сабагы башталганда үн билдирме ала алат.

Сайт жана мобилдик тиркеме ачуу боюнча билимдери жок, программалоо тилин билбесе да, каалоолор менен аны да ишке ашырышкан. Конструктордук сайттар, сервистер айтор бир амалын табып, өтө сонун тиркеме сайттарды ишке киргизишкен. Максатыбызды жаштар мүмкүн болушунча жеткиликтүү маалымат алуусуна жумшап, маалымат берүүнүн да креативдүү жолдорун карашкан. Мисалы, окуучулар маалыматты үн жана видео форматында алсын деп подкаст жана жаңылыктар репортаждарын иштеп чыгышкан.

“Жаңылыктар репортаждарын түзүп алып, чоң телевизорго аны улап, өзүбүздү телевизордон көргөндөй кубанат элек. Ал эми эң чоң өзгөчөлүгүбүз бул биздеги жаштардын биримдүүлүгү, лидерлик сапаттары, каалоолору болчу. Бул үч нерсесиз биз эч нерсе кыла албайт болчубуз. Ошондуктан медиа түзүчүүлөр алгач команда менен өзгөчө иштешиңиздер.” – деп сөз салды.

Азыркы учурда жаңы кадр даярдап, медианы салтанаттуу түрдө аларга өткөрүп берүүнү пландап келишет.