Новости

Проекты

KG
10/08/2021

Media Station лагердин катышуучулары тренинг өткөрүштү

load img

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Кыргызстандагы "Медиа Сабак" коомдук фонду өлкөдөгү жогорку класстын окуучулары үчүн Media Station жайкы лагерин өткөрдү. Media Station жайкы лагери медиа сабаттуулук боюнча долбоордун алкагында Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигинин жана DW Akademieнин колдоосу менен уюштурулду.

 

Лагерден аяктагандан бир айдан кийин катышуучулар алгачкы жыйынтыктарын көрсөтө башташты. Катышуучулар, Карбышев мектептен Шакирова Эбру жана Матосмонова Айдана, Насирова Уриниса жана Абийбиллаева Мырзайым 50 жыл атындагы мектептен, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 12 жаштан 20 жашка чейинки 25 балага тренинг өткөрүштү. Лагерь катышуучуларды жергиликтүү жаштардын ыктыярдуу Impulse уюму аркылуу чогулткан. Тренинг 2021-жылдын 7 -августунда ачык асман алдындагы стадиондо өттү.

 

Тренингде жаш тренерлер Медиа Сабак программасын колдонуп, сынчыл ой жүгүртүү, фейктер, манипуляциялар жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө сүйлөштү. Тренинг оюндар жана практика менен коштолду. Тренингдин аркасында Кыргызстанда көбүрөөк адамдар медиа сабаттуулук жана анын маанилүүлүгү жөнүндө билишти.

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024