Новости

Проекты

KG
11/10/2021

МЕКТЕПТЕР АРАСЫНДА «МЫКТЫ МЕДИА БУРЧ» СЫНАГЫ

load img

«МедиаСабак» Фонду Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү Федералдык министрлиги, ошондой эле Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда Кыргызстанда медиа маалыматтык сабаттуулукту арттыруу боюнча долбоорунун алкагында мектептер арасында жыл сайын өтүүчү «Мыкты Медиа Бурч» сынагынын башталганын жарыялайт.

 

Сынактын максаты – медиа маалыматтык сабаттуулукту, сынчыл ойломду, интернет коопсуздугун жана санариптик сабаттуулукту алга жылдырууга умтулган демилгелүү жана мыкты мектептик бурчтарды колдоо. Медиа бурч Facebook, Instagram баракчаларында же Youtube каналында болуусу мүмкүн. Сынакка мурдатан иштеп келе жаткан медиа бурч катары да, жаңы медиа бурч катары да катышса болот.

 

Медиа бурчтун материалдарынын мазмуну төмөнкү темаларда болуусу мүмкүн: 

  • Мектеп турмушундагы түрдүү жаңылыктар;
  • Маалыматты сынчыл көз караш менен керектөө;
  • Медиа сабаттуу чөйрөнү түзүү аракеттери;
  • Билим берүүдөгү COVID-19 пандемиясынан кийинки тажрыйбалар;
  • Кызыктуу/пайдалуу/сапаттуу фото/видеолор;
  • Түрдүү сурамжылоолор, маектер ж.б.у.с.

 

Медиа бурчтун командасынын түзүмү:

  • 1 жооптуу мугалим;
  • 3-10 окуучу (команданын лидерин кошкондо).

 

Конкурстун шарттары:

  1. Конкурска катышуучу (мурда иштеп келген медиа бурчу бары да, жаңыдан медиа бурч түзгөн да) мектептин Фейсбукта жана/же Инстаграмда баракчасы, ошондой эле Youtube-каналы болуусу зарыл. 
  2. www.mediasabak.org  сайтына катталуу зарыл.
  3. Биздин Facebook, Instagram жана Youtube-каналыбызга жазылуусу зарыл.
  4. 2021-жылдын 8-ноябрына чейин өзүнүн Медиа бурчу тууралуу толук маалымат берүү жана табыштама иретинде төмөнкү шилтеме аркылуу катталышы керек: https://forms.gle/dDX1MCcjZWGGoK126  
  5. Катталган соң мазмун түзүлүшү керек: маалыматтык постторту жарыялоо, кызыктуу рубрикаларды чыгаруу, фото жана видео публикацияларды жүктөө, сурамжылоо жүргүзүү, медиа бурчтун баракчасына жазылгандарды (подписчиктерди) көбөйтүү. Жалпы жонунан, өзүңөрдөгү идеяларды ишке ашыруу, конкурстун максатын илгерилете алат.
  6. Өзүңөрдүн пост жана баяныңарда (Инстаграмда @mediasabak деп же фейсбукта @MediaSabak деп белгилеп) #MediaBurch2021 жана #MediaSabak хештегдерин пайдалануу зарыл.

 

Мыкты медиа бурчтарды тандоо критерийлери:

  1. Контент – публикациялардын мазмундуу, маалыматтуу жана кызыктуу болуусу.
  2. Жаратмандык – жазылгандарды (подписчиктерди) кызыктырган ар кандай кызыктуу идеялар менен чыгармачылыкка чакырабыз.
  3. Визуал – эстетикалык жактан асемделген баракча.
  4. Активдүүлүк – эмгектер аптасына кем дегенде 2 ирет чагылдырылып туруусу керек.

 

Конкурс 2021-жылдын 8-ноябрь күнү аяктайт. 2021-жылдын 9-ноябрынан 12-ноябрына чейин жыйынтыгы чыгарылат.

 

Эң негизгисине келсек, алдыңкы медиа бурчтарды баалуу белектер күтөт.

 

МААНИЛҮҮ!

Конкурстун жыйынтыгы 2020-жылдын 12-ноябрында чыгарылат.

Финалисттерди тандоону “МедиаСабак” Фонду конкурстук негизде өткөрөт. Ошону менен бирге, мектептин медиа бурчун мындан ары жайылтууга команданын мотивациясы жана даярдыгы бааланат. “МедиаСабак” Фонду жеңүүчүлөрдү аныктоо чечимин өзүнө алат. 

 

Бардык кошумча суроолор үчүн төмөнкү байланыш даректерине эрте мененки саат 9:00дан кечки 17:30га чейин кайрылсаңыздар болот: 

0707 112 255 (Whatsapp) - Каныкей Кененсариева, 0777 230 286 - Тынчтыкбек Досмуратов же msabak.kg@gmail.com электондук дарегине кат жазыңыздар.

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024