Новости

Проекты

KG
18/11/2021

Республикалык мектептик медиа бурчтардын форуму уюштурулат

load img

Ош шаарында 20-ноябрь күнү жыл сайын өтүүчү мектекптик медиа бурчтардын форуму уюштурулат. Форумдун негизги максаты - ММСти жайылтууга, сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана мектеп окуучуларынын сабаттуу маалымат керектөөсүнө көмөктөшкөн мыкты демилгечи медиа бурчтарды колдоо.

 

Форум Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, “Медиасабак” Фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Билим берүү Академиясы менен билим берүү тутуму аркылуу калктын медиа-маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча түзүлгөн меморандумдун алкагында уюштурулат.

 

Форумга катышуучулар: мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайдын окутуучулары, мектеп окуучулары, жалпы эле билим берүү жаатындагы адистер жана ЖМК, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

 

Форумдун алкагында заманбап медиа-каналдарды жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен заманбап тенденцияларды жана медиа-контентти жайылтуу тенденцияларын сунуштоо менен талкуулар уюштурулат. Муну менен катар, алдыңкы мектептик медиа бурчтардын презентациялары тартууланат.

 

Эске салсак, мектептер арасындагы "Мыкты медиа бурч" сынагы 12-ноябрь күнү жыйынтыкталган. Бул сынактаны жеңүүчүлөрү да форумда жарыяланат. Аталган сынактын негизги айырмачылыктары – медиа-маалыматтык сабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү багыттары гана эмес, дүйнө жүзүнө чоң таасирин тийгизген COVID-19 пандемиясы менен да байланыштуу болгондугунда.

 

 

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024