Новости

Проекты

KG
06/09/2022

МЕКТЕПТЕР АРАСЫНДА «МЫКТЫ МЕДИА БУРЧ» СЫНАГЫ

load img

«MediaSabak» КФ Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү Федералдык министрлиги, ошондой эле Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда Кыргызстанда медиа маалыматтык сабаттуулукту арттыруу боюнча долбоорунун алкагында мектептер арасында жыл сайын өтүүчү «Мыкты медиа бурч» сынагынын башталганын жарыялайт.

 

Сынактын максаты – медиа маалыматтык сабаттуулукту, сынчыл ойломду, интернет коопсуздугун жана санариптик сабаттуулукту алга жылдырууга умтулган демилгелүү жана мыкты мектептик медиа бурчтарды колдоо. Медиа бурч Facebook, Instagram баракчаларында же Youtube каналында болуусу мүмкүн. Сынакка мурдатан иштеп келе жаткан медиа бурч катары да, жаңы медиа бурч катары да катышса болот.

 

Медиа Бурчтун материалдарынын мазмуну төмөнкү темаларда болуусу мүмкүн:

  • Мектеп турмушундагы түрдүү жаңылыктар;
  • Маалыматты сынчыл көз караш менен керектөө;
  • Медиа сабаттуу чөйрөнү түзүүгө умтулуу;
  • COVID-19 пандемиясынан кийинки салттуу билим берүү.
  • Санариптик билим берүү;
  • Коомчулуктагы гендердик теңчиликке көмөктөшүү;
  • Кызыктуу/пайдалуу/сапаттуу фото/видеолор;
  • Түрдүү сурамжылоолор, маектер ж.б.у.с.

 

Медиа Бурчтун командасынын түзүмү:

  • 1 жооптуу мугалим;
  • 3-10 окуучу (команданын лидерин кошкондо).

 

Конкурстун шарттары:

  1. Конкурска катышуучу (мурда иштеп келген медиа бурчу бары да, жаңыдан медиа бурч түзгөн да) мектептин Фейсбукта жана/же Инстаграмда баракчасы, ошондой эле Youtube-каналы болуусу зарыл.
  2. www.mediasabak.org  сайтына катталуу зарыл.
  3. Биздин Facebook, Instagram жана Youtube-каналыбызга жазылуусу зарыл.
  4. 2022-жылдын 8-ноябрына чейинки аралыкта өзүнүн Медиа бурч тууралуу толук маалымат төмөнкү шилтеме аркылуу катталышы керек: https://forms.gle/SiKqQaG4LznLYzDf7
  5. Катталган соң мазмун түзүлүшү керек: маалыматтык постторту жарыялоо, кызыктуу рубрикаларды чыгаруу, фото жана видео публикацияларды жүктөө, сурамжылоо жүргүзүү, Медиа Бурчтун баракчасына жазылгандарды (подписчиктерди) көбөйтүү. Жалпы жонунан, өзүңөрдөгү идеяларды ишке ашыруу, конкурстун максатын илгерилете алат.
  6. Өзүңөрдүн пост жана баяныңарда (Инстаграмда @mediasabak деп же фейсбукта @MediaSabak деп белгилеп) #MediaBurch2022 #Mediasabak хештегдерин пайдалануу зарыл.

 

Мыкты Медиа Бурчтарды тандоо критерийлери:

  1. Контент – публикациялардын мазмундуу, маалыматтуу жана кызыктуу болуусу.
  2. Жаратмандыкжазылгандарды (подписчиктерди) кызыктырган ар кандай кызыктуу идеялар менен чыгармачылыкка чакырабыз.
  3. Визуал – эстетикалык жактан асемделген баракча.
  4. Активдүүлүк – эмгектер аптасына кем дегенде 2 ирет чагылдырылып туруусу керек.

 

Конкурс 2022-жылдын 8-ноябрь күнү аяктайт. 2022-жылдын 9-ноябрынан 15-ноябрына чейин жыйынтыгы чыгарылат.

 

Эң негизгиси БАЙГЕЛЕР үчүн БААЛУУ БЕЛЕКТЕР бар.

 

МААНИЛҮҮ!

Финалисттерди тандоону “MediaSabak” Фонду конкурстук негизде өткөрөт. Ошону менен бирге, мектептин Медиа бурчун мындан ары жайылтууга команданын мотивациясы жана даярдыгы бааланат. “MediaSabak” Фонду жеңүүчүлөрдү аныктоо чечимин өзүнө алат.

 

Бардык кошумча суроолор үчүн төмөнкү байланыш даректерине эрте мененки саат 8:30дан кечки 17:30га чейин кайрылсаңыздар болот:

0777 230 286 (Whatsapp) - Тынчтыкбек Досмуратов же msabak.kg@gmail.com электондук дарегине кат жазыңыздар.

 

Другие новости

load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024
load img

Итоги Медиалаба: Участники #Текшердим овладели искусством Фактчекинга и Сторителлинга

14:46   26.02.2024
load img

Запуск марафона и менторской программы #Текшердим

14:44   26.02.2024