Новости

Проекты

KG
08/09/2022

Медресе окуучулары үчүн Media Station 2022 лагери старт алды!

load img

2022-жылдын 10-сентябрынан 17-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде медресе окуучулары үчүн Media Station 2022 лагери өткөрүлөт. Лагерге Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын 10 медресесинен 50 улан-кыз катышат. Медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча долбоордун алкагында катышуучулар медиа сабаттуулуктун негиздерин, критикалык ой жүгүртүүнү, интернет ресурстарын туура колдонууну, демократияны жана сөз эркиндигин үйрөнүшөт.

 

Кошумчалай кетсек, бир жума бою катышуучулар «Мультимедиа» жана «Онлайн медиа» студияларында иштешет. Бул студиялар аларга смартфондор, фотоаппараттар, дрондор, стабилизаторлор жана башкалар сыяктуу заманбап техникалык каражаттарды колдонууну үйрөтүүнү көздөйт. Окулган темалардын негизинде катышуучулар кечки баяндамаларды жасашы күтүлүүдө.

 

Лагердин тренерлери Би-Би-Синин журналисти Руфат Эргешов, фонддун түштүк аймагы боюнча өкүлү Тынчтыкбек Досмуратов, тренер жана психолог Чолпон Бекболотова, Capital KG уюмунун өкүлү Руслан Кубанычбек уулу, долбоордун адистери Урмат Каныбеков, Кундуз Жекшун кызы, Каныкей Кененсариева жана Ширин Аманбекова. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы, Равшан ажы Эратов жана “Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчиси, Жамал Фронтбек кызы катышуучулардын суроолорун көзөмөлдөйт.

 

Уюштуруучулар үчүн бул пилоттук долбоор. Буга чейин “Media Station” лагери Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мектеп окуучулары үчүн өткөрүлүп келген. Маалымат үчүн айта кетсек, лагерь 2017-жылдан бери Ысык-Көлдө бекер өткөрүлүп келет. Бүтүрүүчүлөр теориялык гана билим албастан, кызыктуу медиа продуктыларды жасоону да үйрөнүштү. Алардын көбү мини-долбоорлорду ишке ашырып, өз жамааттарында тренингдерди өткөрүшкөн.

 

Лагер “Медиа Сабак” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлиги жана DW Akademie Europe and Central Asia колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024