Новости

Проекты

KG
23/09/2022

Ысык-Көлдө медресе жана ИУК студенттери үчүн медиа сабаттуулук боюнча билим берүү лагери өттү

load img

2022-жылдын 10-17-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө медресенин жана Кыргызстан Ислам университетинин студенттери үчүн медиа сабаттуулук боюнча Media Station окуу лагери өттү. Чүй облусу менен Бишкек шаарындагы 10 диний билим берүүчү окуу жайлардан 50 катышуучу улан-кыздар медиа сабаттуулуктун, критикалык ой жүгүртүүнүн, интернет ресурстарын туура колдонуунун, демократиянын жана сөз эркиндигинин негиздерин үйрөнүү үчүн чогулушту.

 

“Медиа Сабак” коомдук фондунун директору Айчүрөк Усупбаева бул Кыргызстандын ичинде эле эмес, бүтүндөй аймак үчүн өтө маанилүү долбоор экенин белгиледи. Анын айтымында, катышуучулар өздөрүнүн потенциалын жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн ачып, өзүн-өзү көрсөтүүдө ишенимге жана кайраттуулукка ээ болушту. Маалымат иретинде айта кетсек, Media Station билим берүү лагери 2017-жылдан бери Ысык-Көлдө Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жогорку класстын окуучулары үчүн акысыз өткөрүлүп келет. Көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз жамааттарында долбоорлорду ишке ашырып, тренингдерди өткөрүштү.

 

Медресенин студенттери үчүн лагердин программасы таңкы окуулардан жана кечки «Мультимедиа» жана «Онлайн медиа» студияларынан турду. Апта бою катышуучулар фейк, үгүттөө, нетикет, киберкоопсуздук сыяктуу темаларды изилдеп, студияларда сүрөт тартууну, монтаждоону, технологияны колдонууну жана коомчулук менен сүйлөшүүнү, коркуу сезимин жеңүүнү үйрөнүштү. Лагерге БШКнын өкүлдөрү чакырылып, балдар автоматташтырылган башкаруу системаларынын жардамы менен лагердин президентин шайлоону реалдуу шартта өткөрүштү.

 

“Мен лагердин президенти болом деп күткөн жокмун, анткени башка командалар мага добуш берет деп ойлогон эмесмин. Мында тренерлер бизге кандай сүйлөөнү, өзүбүздүн программабызды кандай презентация кылууну үйрөтүштү. Шайлоо кандай өтөрүн, маалымат каражаттары кандай иштерин, талапкерлер кандай даярдалганын ичинен көрдүм. Бул абдан сонун тажрыйба! Мен ушундай сонун лагердин катышуучусу болгонума абдан кубанычтамын жана билимимди башкаларга бөлүшөм” - Данияр Узакбаев, Green Life командасы.

 

Лагердин тренерлери Би-Би-Синин журналисти Руфат Эргешов, фонддун түштүк аймагы боюнча өкүлү Тынчтыкбек Досмуратов, тренер жана психолог Чолпон Бекболотова, Capital KG уюмунун өкүлү Руслан Кубанычбек уулу, долбоордун адистери Урмат Каныбеков, Каныкей Кененсариева, Кундуз Жекшун кызы жана Ширин Аманбекова. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов катышуучулардын суроолорун көзөмөлдөдү.

 

“Чынын айтсам, лагерде бизди эмне күтүп турганын билген жокмун. Жөн эле лекция угуп, китеп окуп, жазабыз деп ойлогом. А бирок, чындыгында баары башкача болуп чыкты. Бул жерде алгач эл алдында сүйлөөнү, эркин сүйлөөнү, өз оюмду ачык айтууну үйрөндүм, буга чейин мындай кыла албагам. Мен үчүн таптакыр башка дүйнө ачылды! Уюштуруучуларга жана тренерлерге ырахмат!” – Рахат Боогачиев, “Жаш Канат” командасы.

 

Акыркы күнү баарына активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Катышуучулар алган билимдерин башкаларга бөлүшүүгө убада берип, лагерь медресе окуучулары үчүн мындан ары да улана берерине тилектеш экендигин билдиришти.

 

Лагер “Медиа Сабак” коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлиги жана DW Akademie Europe and Central Asia колдоосу менен ишке ашырылды.

Другие новости

load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024
load img

Итоги Медиалаба: Участники #Текшердим овладели искусством Фактчекинга и Сторителлинга

14:46   26.02.2024
load img

Запуск марафона и менторской программы #Текшердим

14:44   26.02.2024