Новости

Проекты

KG
08/12/2022

Медиа бурчтардын бешинчи республикалык форуму

load img

Ошто 2-декабрь күнү жыл сайын өтүүчү мектептик медиа бурчтардын форуму уюштурулду. Форумдун негизги максаты - ММСти жайылтууга, сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана мектеп окуучуларынын сабаттуу маалымат керектөөсүнө көмөктөшкөн мыкты демилгечи медиа бурчтарды колдоо.

 

Форум Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, “МедиаСабак” Фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Билим берүү Академиясы менен билим берүү тутуму аркылуу калктын медиа-маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча түзүлгөн меморандумдун алкагында уюштурулду.

 

«Медиа бурчтарды социалдык тармакта жакшыртуу жана суроо-талапка ээ контентти түзүү» деп аталган форумга мектеп мугалимдери, мектеп окуучулары, жалпы эле билим берүү жаатындагы адистер жана ЖМК, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

 

Форумдун алкагында заманбап медиа-каналдарды жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен заманбап тенденцияларды жана медиа-контентти жайылтуу тенденцияларын сунуштоо менен талкуулар уюштурулду. Муну менен катар, алдыңкы мектептик медиа бурчтардын презентациялары сунулду.

 

Андан тышкары Айзада Калканбекова атту медиадагы гендердик экспертка тарабынан "Маалыматты таратуудагы гендердик сезимталдуулук" темасында мастер-класс өтүп берди.

 

Эске салсак, мектептер арасындагы "Мыкты медиа бурч" сынагы 8-ноябрь күнү жыйынтыкталган. Бул сынактын жеңүүчүлөрү да форумда жарыяланды (кийинки постто бул тууралуу кенен айтабыз). Аталган сынактын негизги айырмачылыктары – медиа-маалыматтык сабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү, кастык тили жана сезимтал журналитисика багыттары гана эмес, дүйнө жүзүнө чоң таасирин тийгизген COVID-19 пандемиясынан кийинки билим берүүдөгү өзгөрүүлөр менен да байланыштуу болгондугунда.

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024