Новости

Проекты

RU
23/09/2021

ММС компоненттери камтылган сабактын иштелмеси боюнча мугалимдер арасындагы Борбордук Азиялык сынак

load img

"MediaSabak" КФ медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча алдыдагы II Борбор Азиялык конференциянын алкагында ММС компоненти камтылган мыкты сабактардын иштелмесин иштеп чыгуу үчүн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мектептеринин мугалимдеринин арасында сынак уюштурууда.

 

Сынак Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Федералдык министрлигинин, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Кыргыз Билим берүү Академиясы менен билим берүү системасы аркылуу калктын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча меморандумдун негизинде, Кыргызстанда медиа маалымат сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

 

 

Сынактын максаты - сынчыл ой жүгүртүүнү, санариптик жана медиа сабаттуулукту жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана чыгармачыл демилгелерди колдоого багытталган ММС компоненттери менен сабактарды иштеп чыгууда жаңы билим берүү ыкмаларын, мугалимдердин эффективдүү тажрыйбасын аныктоо.

 

 

ММС компоненттери камтылган сабак - бул мугалимдин мектептеги предметтердин бири боюнча чыгармачылык сабагы, анда ММС элементи киргизилет жана ресурстар сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

 

 

Сабак текст документ түрүндө берилиши керек. Берилген эмгектер белгилүү бир убакыт алкагы менен чектелген окуу процессин уюштуруу формасынын сыпаттамасы менен болушу керек. Бул структура билим берүү процессинин бардык негизги компоненттерин чагылдырышы керек: максаты, милдеттери, мазмуну, формалары, методдору, каражаттары, мугалим менен окуучунун өз ара байланышкан ишмердүүлүгү.

 

 

Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мектептеринин каалаган мугалими катыша алат.


 

ДЕДЛАЙН - 2021-жылдын 25-сентябры

 

Конкурска коюулуучу талаптар:

 

  1. Сынакка даярдалган иштелмелер электрондук түрдө орус же кыргыз тилдеринде тапшырылышы керек. Кыргызстандан башка өлкөлөрдөн катышкан авторлор өз эмгектерин орус тилинде жөнөтүшөт, ошол эле учурда сабактын түп нускасы алгач өз окутуу тилинде түзүлүшү да мүмкүн;
  2. Тандалган темага сабактын структурасын сактоо;
  3. Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү;
  4. Сабактын эффективдүүлүгү жогору бааланат;
  5. Сабакты иштеп чыгууда чыгармачыл мамилени колдонуу;
  6. Окутуунун инновациялык идеяларын киргизүү эске алынат;
  7. Проблемалык иштерди тапшыруу, окуучулардын көйгөйлөрдү чечүү жолдорун өз алдынча издөөсү;
  8. Заманбап медиа байланыш каражаттарын колдонуу - гаджеттер, приборлор (компьютер, ноутбук, смартфон, интерактивдүү доска, тиркемелер ж. б.)
  9. Жаңы материалды өздөштүрүү үчүн ой жүгүртүү менен изилдөө же практикалык үй тапшырмаларын даярдоо;
  10. Алынган материалдарда интерактивдүү жана практикалык ыкмаларды колдонулушу.

 

 

Мөөнөтү жана катышуу тартиби:

 

 

I баскыч - катышуучуларды каттоо, конкурстук иштер менен табыштамаларды кабылдоо

  • Конкурстун катышуучусунун www.mediasabak.org сайтына катталуусу;
  • Катышуучунун конкурска жиберилүүчү сабагынын иштелмесин www.mediasabak.org сайтына жайгаштыруусу;
  • Катышуучунун https://forms.gle/WNxSDDqS71PgSCYi8 шилтемеси аркылуу катталуусу (www.mediasabak.org сайтындагы сабагынын шилтемесин тиркөөсү);
  • Биздин Facebook, Instagram баракчаларыбызга жана Youtube каналыбызга жазылуусу.

 

II баскыч – эксперттик комиссиянын иши, жеңүүчүлөрдү аныктоо, конференцияда сабактын презентациясын даярдоо

 

  • Эксперттик комиссиянын жыйынтыгын чыгаруу;
  • Определение групп прошедших отбор и приглашение на участие на конференции;
  • Тандалган топторду аныктоо жана конференцияга катышууга чакыруу;
  • Конкурстук сабактын сөзү жана презентациясы.

 

Эмгектер 2021-жылдын 6-сентябрынан 25-сентябрына чейин кабыл алынат.

 

Сынак 2021-жылдын 25-сентябрь күну саат 17:00дө аяктайт. Ал эми 25-сентябрдан 29-сентябрга чейин жыйынтыгы чыгат.

 

Сынак аяктагандан кийин номинанттар 2021-жылдын 14-15-октябрында Бишкекте өтүүчү медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча II Борбор Азия конференциясына (# CAMILCon2021) чакырылат.

Эң мыкты сабактардын авторлору сертификат жана НОУТБУК менен сыйланат!

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана активдүү мугалимдердин өкүлдөрүнөн, ошондой эле Финляндия, Франция, Германия, Грузия, Россия жана Украинадан келген серепчилерден турган 100дөн ашык катышуучулар катышып, ММС маселелери боюнча пикир жана тажрыйба алмашышат.

 

МААНИЛҮҮ!

 

Финалисттерди тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт. Бардык иштелип чыккан сабактар ​​Борбордук Азия аймагынан келген компетенттүү адамдардын атайын түзүлгөн комиссиясы тарабынан кылдаттык менен каралат. Жогорудагы сабактын бардык талаптары бааланат. “MediaSabak” Фонду жеңүүчүлөрдү тандоодо чечим кабыл алуу укугун өзүнө алат.

 

Бардык кызыктырган суроолор боюнча msabak.kg@gmail.com дарегине жазсаңыз же саат 8:30 – 17:30 аралыгында +996 705 801 427 (Кундуз), +996 777 230 286 (Тынчтыкбек) байланышсаңыз болот.

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024