Новости

Проекты

RU
08/09/2021

ММСти жайылтуучу долбоорлор боюнча Борбордук Азиялык сынак

load img

«МедиаСабак» КФ Кыргызстан, алдыда боло турган ММС боюнча II Борбордук Азиялык конференциясын утурлай Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда медиа жана маалымат сабаттуулукту мыкты жайылтуу үчүн ишке ашырылып жаткан долбоорлордун арасында сынак жарыялайт.

 

 

Сынак Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Федералдык министрлигинин, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Кыргыз Билим берүү академиясы менен билим берүү системасы аркылуу калктын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча меморандумдун негизинде, Кыргызстанда медиа маалымат сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

 

 

Сынактын максаты: медиа сабаттуулукту жайылтууга, сынчыл ой жүгүртүүнү жогорулатууга, онлайн билимди өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана демилгелерди колдоого багытталган мыкты долбоорлорду аныктоо, маалымдоо жана шыктандыруу.

 

 

Сынакка карата долбоор - бул башкы максаты медиа сабаттуулукту, сынчыл ой жүгүртүүнү жана онлайн билимди өнүктүрүү. Бул онлайн / оффлайн мектептер, тренингдер, онлайн билим берүү үчүн тиркемелерди, программаларды же сайттарды түзүү, борборлор, иш-чаралар жана конференциялар, берилген тема боюнча маалымат кампаниялары жана башкалар болушу мүмкүн.

 

 

Көңүл буруңуз! Жогорудагы ойлор чектебейт, болгону багыт гана берет. Эгерде сиз сынактын берилген темасына ылайык келген чыгармачыл долбоорлорду ишке ашырсаңыз, тапшыруудан тартынбаңыз!

 

 

Конкурска кантип катышса болот?

• Сизде берилген тема боюнча иштеп жаткан долбоор болушуңуз керек;

• Долбоор тууралуу видео жасап, Youtube каналыңызга жүктөңүз;

• Видео презентация долбоордун сүрөттөлүшү, көйгөйлөрдү чечүү, максаттары жана милдеттери, жыйынтыктары боюнча пункттардан турушу керек.

• Төмөнкү форма аркылуу каттоодон өтүңүз https://forms.gle/FSz7izScQDp4D2Rz5  (конкурстук видеонун шилтемесин тиркеңиз);

• Биздин Facebook, Instagram баракчаларыбызга жана Youtube-каналыбызга жазылыңыз.

 

 

Сынактык материалдар үчүн талаптар:

1. Долбоордун видео презентациясы орус же кыргыз тилдеринде көрсөтүлүшү керек. Катышуучу өз өлкөсүнө карата, мисалы авторлор Кыргызстандан башка өлкөдөн болсо, эмгектерин орус тилинде жөнөтүшөт;

2. Долбоордун конкурстун темасына шайкештиги;

3. Узундугу 1 мүнөттөн 3 мүнөткө чейинки видеолор;

4. YouTube үчүн видеонун өлчөмү 16:9;

5. Чыгармачылык эске алынат. Видеолор анимация, баяндоо, жарнама ж.б. түрүндө болушу мүмкүн;

6. Жумуштун видеолору жогорку сапатта болушу керек. Сүрөттүн, үндүн жана маалыматтын сапатына көңүл буруңуз.

 

 

Эмгектер 2021-жылдын 8-сентябрынан 26-сентябрына чейин кабыл алынат.

 

 

Сынак 2021-жылдын 26-сентябрында, саат 17:00 дө аяктайт. 23-сентябрдан 25-сентябрга чейин сынактын жыйынтыгын чыгарылат.

 

 

Сынактын жыйынтыгында, эксперттик комиссия тандоодон өткөн эң мыкты долбоорлор менен алардын видео презентацияларын аныктайт жана 2021-жылдын 14-15-октябрында Бишкекте өтүүчү медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча II Борбордук Азиялык конференциясына (#CAMILCon2021) катышууга чакырат.

 

 

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана активдүү мугалимдердин өкүлдөрүнөн, ошондой эле Финляндия, Франция, Германия, Грузия, Россия жана Украинадан келген серепчилерден турган 100дөн ашык катышуучулар катышып, ММС маселелери боюнча пикир жана тажрыйба алмашышат.

 

 

Мыкты долбоорлордун авторлору конференцияга катышуу менен гана чектелбестен, сүйлөп, өз долбоорунун видео презентациясын сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

 

 

МААНИЛҮҮ!

Финалисттерди тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт. Бардык долбоорлор Борбор Азия аймагынан атайын түзүлгөн эксперттик комиссия тарабынан кылдаттык менен каралат. “МедиаСабак” Фонду жеңүүчүлөрдү тандоодо чечим кабыл алуу укугун өзүнө калтырат

 

 

Бардык кызыктырган суроолор боюнча msabak.kg@gmail.com дарегине жазсаңыз же саат 8:30 – 17:30 аралыгында +996 707 112 255 (Каныкей), +996 777 230 286 (Тынчтыкбек) номерлерине байланышсаңыздар болот.

 

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024