Новости

Проекты

RU
14/10/2021

Бишкекте медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча II Борбор Азиялык конференциясы өтүүдө

load img

CAMILCon2021 салттуу экинчи тематикалык конференциясы "Медиа сабак: жаратабыз, тартабыз, чечебиз!" деген ураан менен өтүп жатат. Конференциянын темасы инфодемия учурунда медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун актуалдуулугун баса белгилейт. Фейк кабарлар жана туура эмес маалымат агымы менен күрөшүүдө эл аралык коомчулук алдында коопсуз маалымат чөйрөсүн түзүү милдети турат.

 

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Дэвид Вестенфелдер, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, DW Академиясынын Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Лидия Ранерт, "ММК колдоо борбору" фондунун башкы директору Алмазбек Курманкалиев, "Медиа Сабак" фондунун директору Айчүрөк Усупбаева катышууда.

 

Конференция эки күнгө созулат. Панелдик талкууда Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин, Өзбекстандын Элге билим берүү министрлигинин жана Түркмөнстандын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү онлайн байланышы аркылуу катышат. Конференциянын алкагында катышуучулар кызматташтыкты түзүп, билим берүү системасында медиа маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу үчүн тажрыйба жана жаңы идеялар менен алмашышат.

 

Финляндия, Франция, Германия, Грузия, Россия жана Украинадан келген эл аралык эксперттер жана ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулук) жаатындагы алдыңкы адистер өз тажрыйбалары жана ийгиликтери менен бөлүшүшөт. Катышуучулар сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнү, сөз эркиндиги менен жек көрүүчүлүктү айырмалоону жана медиа сабаттуулукту окуу процессине интеграциялоону үйрөнүшөт. Кыргызстандын бардык региондорунан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мугалимдер жаңы билимдерге жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

 

Конференция КФ Медиа сабак тарабынан, Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Федералдык министрлигинин, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Кыргыз Билим берүү Академиясы менен билим берүү системасы аркылуу калктын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча меморандумдун негизинде, Кыргызстанда медиа маалымат сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

 

Эске сала кетсек, 2019-жылы Кыргызстан Борбор Азиядагы биринчи болуп медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча конференция уюштурган. Иш-чара эксперттердин жана катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, алар медиа сабаттуулукту жайылтуу үчүн мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.

 

Другие новости

load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024
load img

Итоги Медиалаба: Участники #Текшердим овладели искусством Фактчекинга и Сторителлинга

14:46   26.02.2024
load img

Запуск марафона и менторской программы #Текшердим

14:44   26.02.2024