Новости

Проекты

RU
12/05/2022

Media Station жайкы лагерине онкурстук негизде кабыл алуу башталды!

load img

Көңүл буруңуздар, ардактуу окуучу достор!

Сиздер үчүн жагымдуу жаңылыгыбыз бар!

 

“МедиаСабак” коомдук фонду Германиянын Федералдык Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлигинин жана Deutsche Welle Academy медиа сабаттуулуктун Media Station жайкы лагерине катышуу үчүн жогорку класстын окуучуларын конкурстук негизде кабыл алууну жарыялайт! Жайкы лагерь 2022-жылдын 1-июлунан 9-июлуна чейин Ысык-Көлдө өтөт. Буга 2021-2022-окуу жылында Кыргызстандагы 8-9-10-класстын бүтүрүүчү мектеп окуучулары табыштаманы анкета түрүндө тапшыра алат. 

 

Эгерде сиз мектептин коомдук турмушуна катышсаңыз, ыктыярдуу иш-аракеттерди жасасаңыз, журналистикага кызыксаңыз, сынчыл ой жүгүртүүнү өркүндөтүүнү жана жаңы тажрыйба менен билим топтоону кааласаңыз, анда бизге келишиңиз керек! Жайкы лагерге тандоо 2 этап менен жүргүзүлөт.

 

1 этап:

 

 

  1. Биздин FacebookInstagram баракчаларыбызга жана Youtube-каналыбызга жазылуу (подписка);
  2. 2022-жылдын 15-майына (саат 17:00дөн кечикпей) чейин анкета толтуруп жиберүү.

 

Анкета үчүн шилтеме:  https://forms.gle/UctNeLqqvBXTH6Rr9   

 

 

2 этап:

 

  1. Бардык анкеталарды карап чыгып, лагерге өткөндөрдү жана резервдик тизмеде тургандарды тандап алабыз.
  2. Лагерге өткөндөргө бардыгына телефон чалып, кабарлап жана керектүү документтерди сурайбыз.

 

 

Лагерге катышуу акысыз. Жатакана, тамак-аш, кеңсе буюмдары, жолугушуу пунктунан лагерге чейинки жана кайра коштошуу жерине чейинки жол киреңиз уюштуруучулар тарабынан каржыланат.

 

Катышуучуларды тандоо критерийлери:

  1. Активдүүлүк - жигердүү катышуу жана ыктыярчылыкты артыкчылык деп эсептөөсү;
  2. Медиа жана маалыматтык сабаттуулук темасына кызыгуусу;
  3. Билим алууга умтулуусу жана лагерден кайтып келгенден кийинки ал билимин башкалар менен бөлүшүү аракетинин болуусу;
  4. Лагерге көрсөтүлгөн убакытта катышуу мүмкүнчүлүгүнүн болуусу.

 

Көңүл буруңуз! Окуучуну тандап алган учурда, жайкы лагерге катышуу үчүн ата-энесинен же башка жакынынан жазуу жүзүндө уруксат талап кылынат.

Кошумча суроолор үчүн телефон: 0707 112 255 (Каныкей Кененсариева). Саат 14:00дөн 16:00гө чейин гана чалуу. Дем алыш жана майрам күндөрү тынчыбызды албоо сураныч.



 

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024