Новости

Проекты

RU
11/07/2023

Медиа сабаттуулук дүйнөсүндө: Media Station 2023 лагери

load img

"Мен медиасабаттуулук маалыматты чыпкалоо гана эмес, ошондой эле окуяларды түзүү жана жеткирүү күчү экенин түшүндүм", "Бул лагерь көз карашымды кеңейтип, мени жаңы медиа долбоорлорго шыктандырды!" Бул пикирлер Ысык-Көл жээгинде өткөн Media Station аттуу кызыктуу жана билим берүүчү жайкы лагеринин катышуучуларынын шыктанып айткандагылары.

 

2023-жылдын 30-июнунан 7-июлуна чейин Кыргызстандын булуң-бурчунан 40 мектеп окуучусу чогулуп, медиа сабаттуулук дүйнөсүнө сүңгүп киришти. Биздин лагердин өзгөчөлүгү эмнеде? Катышуучулар журналистика, фотография, видеотартым жана башка багыттар боюнча жөндөмдөрүн өркүндөтүшү үчүн биз ар түрдүү иш-чараларды, анын ичинде теорияны, практиканы жана чыгармачылыкты бириктиребиз.

 

«Кыргызстанда жаштар арасында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту гана өнүктүрүү эмес, аларды сөз эркиндигин баалап, конституциялык укуктарды урматтоого жана жаркын келечекти түзүүгө жигердүү салым кошууга үйрөтүү өзгөчө маанилүү. Биздин сайт – бул ар бир катышуучу жаратуучуга айланган чыгармачыл мейкиндик”, - дейт “Медиа Сабак” фондунун директору Айчүрөк Усупбаева.

 

7 күн аралыгында катышуучулар «Онлайн Медиа», «Мультимедиа» жана «Театр» студияларындагы чыгармачыл атмосфераларга киришти. Таң эртеден түшкө чейин тренерлер Каныкей Кененсариева, Кундуз Жекшен кызы жана Ширин Аманбекова интерактивдүү көнүгүүлөрдүн жардамы менен критикалык ой жүгүртүү, фактылар менен пикирлердин айырмасы, жек көрүү сөздөрү, пропаганда, заманбап коомдогу ЖМКнын ролу, адам укуктары жана башка кызыктуу темалар боюнча жандуу маек куруп беришти. .

Түшкү тамактан кийин насаатчылар - Би-Би-Синин журналисти Руфат Эргешов, режиссёр жана оператор Руслан Кубанычбеков балдарга фото жана видео тартуудан баштап монтажга, атайын эффекттерди колдонууга, идеяларды жаратууга, сценарий жазууга жана медиа продуктуларды түзүүгө чейин көптөгөн техникалык каражаттарды өздөштүрүүгө жардам беришти. Белгилүү актер Анвар Осмоналиев катышуучулардын чыгармачылык жана актёрдук жөндөмдүүлүктөрүн ачууга, эмоцияларды жана сезимдерди билдирүүгө, фантазияны өнүктүрүүгө, чектөөлөрдөн арылууга жана сахнадагы спектаклдер аркылуу өзүн-өзү сыйлоо сезимин арттырууга шыктандырды.

 

Кечинде балдар лагерь учурунда жетишкен зор ийгиликтерди көрсөтүп, укмуштуудай спектаклдери жана медиа продукциялары менен көрүүчүлөрдү кубандырышты.

 

Саясий процесстерди массалык маалымат каражаттарында чагылдыруунун өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүү үчүн биз лагердин президентин шайлоону уюштурдук. Заманбап технологиянын жана Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилген урнанын жардамы менен катышуучулар шайлоо жарышына, талаш-тартыштарга жана бийликти колдогон жана оппозициялык маалымат каражаттарынын ролун аткарган командалардын көптөгөн манипуляцияларына туш болушту. Лагерибиздин тарыхында биринчи жолу маанилүү окуяга – Талас шаарынан келген Адеми Чыныбековдун, тактап айтканда кыздын президенттикке шайланышына күбө болдук. Бул тарыхый учур бардык катышуучулардын жүрөгүндө унутулгус из калтырды.

 

Лагерден кайткан соң ар бир катышуучу өз жамаатындагы медиа сабаттуулукка багытталган өзүнүн кичи долбоорун ишке ашырат. Бул биздин балдар үчүн медиа тармагында өз өнөрлөрүн өркүндөтүп гана тим болбостон, өлкөбүздүн жаш келечек лидерлери болууга да чоң мүмкүнчүлүк.

 

Лагерди «Медиа Сабак» коомдук фонду Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлиги жана DW Академиясынын каржылык колдоосу менен уюштурууда.

 

Белгилей кетсек, лагерге катышуу үчүн 8-, 9-, 10-класстын окуучуларынан 1145 табыштама келип түшкөн. Лагер 2017-жылдан бери иштеп келет.

 

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024