Новости

Проекты

RU
11/10/2023

Медиа Сабак: Мектептик медиа бурчтардын медиа жана маалыматтык сабаттуулукка түзгөн өбөлгөлөрү

load img

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан сентябрь айына тарта «Медиа Сабак» Коомдук Фонду Кыргызстандын мектептеринин медиа бурчтары арасында жылдагыдай сынак өткөрдү. Сынактын максаты – медиа жана маалыматтык сабаттуулукту илгерилетүүгө өбөлгө түзгөн демилгелүү жана мыкты медиа бурчтарды колдоо. 

 

Сынакка катышуу үчүн окуучулардан куралган командалар сайттагы анкетаны толтуруп, өз мектебинин медиа бурчун каттоодон өткөрүшү керек. Медиа бурчтар катары мектептин Facebook жана Instagram баракчалары, Youtube каналдарында кабыл алынган. Сынакты өткөрүү мезгилинде катталган медиа бурчтар баалуу насаатчылык колдоосуна ээ болушту. Фонддун баракчаларынан медиа бурчтарды түзүү, жооптууларды дайындоо, команда куроо, кызыктуу контентти түзүү жана башка керектүү кадамдар боюнча кеңештерди табууга болот.

 

Насаатчы Каныкей Кененсариеванын айтуусунда аталган сынак аркылуу мугалимдердин, окуучулардын потенциалы ачылып, медиа жана технологияга болгон кызыгуулары ойгонуп, алган билим менен тажрыйбасы башкаларга да жайылтуу мүмкүдүгү пайда болгон. “Биз катышуучуларыбыздын иш-аракетин колдогонубузга жана алардын жетишкендиктерине күбө болгонубузга кубанычтабыз" дейт ал.

 

Катышуучулар мектеп жаңылыктарынан тышкары, медиа сабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү темаларындагы постторду бөлүшүп, курдаштарына жана кеңири аудиторияга маалымат таратышты. Мугалимдер менен окуучулар үчүн бул медианын ролун сынап көрүү гана эмес, командада иштөө, өз жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана медиа статусун көтөрүү менен мектеп үчүн пайдалуу жумуш жасоо мүмкүнчүлүгү.

 

Жыл өткөн сайын бул жаатта атаандаштык күч алгандыктан катышуучулар ар кандай форматтар менен тажрыйба жүргүзүп, медиасабаттуулук темасында кичи фильмдерди жаратышат, интервью алышат, мектеп ичинде сынактарды уюштурушат, жергиликтүү телеканалдардын берүүлөрүнө катышышат. Быйылкы жыйынтыкта, сынакка жалпы 148 медиа бурч катышып, алар 2000ге жакын медиа продуктуларды чыгарышты. 

 

Жеңүүчүлөрдү тандоо өзгөчө кылдаттык менен жүргүзүлүп, алардын иши сапат, медиа сабаттуулук темаларынын актуалдуулугу, ыкманын уникалдуулугу жана тиешелүү хэштегтерди колдонуу сыяктуу көптөгөн критерийлер боюнча бааланды. Биринчи үч орундун ээлери ноутбуктар, чакан белектер жана сертификаттар менен сыйланышат. Мындан тышкары, жети активдүү медиа бурчтар да өзгөчө таанылууга татыктуу деп табылып, тийиштүү белектерге ээ болушат.

 

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2023-жылдын 15-октябрында Ош шаарында өтүүчү мыкты медиа бурчтардын республикалык форумунда уюштурулат. Бул иш-чара активдүү медиа топторду, демилгелүү мугалимдерди жана окуучуларды чогултуп, алардын медиа сабаттуулугун жогорулатуу жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, ошондой эле бул максатта мектептерге көмөк көрсөтүү үчүн бириктирет. 

 

"Медиа Сабак" коомдук фонду бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөн негизги донорлорго жана өнөктөштөргө терең ыраазычылыгын билдирет.

 

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024