Новости

Проекты

RU
18/10/2023

#Текшердим кампаниясы университеттерде ачык лекцияларды өткөрөт

load img

Бишкек, 17-октябрь, 2023-жыл. 16-октябрдан 23-октябрга чейин Бүткүл дүйнөлүк медиа сабаттуулук жумалыгынын алкагында “Текшердим”  кампаниясы Кыргызстандагы ЖОЖдордо медиа сабаттуулук жана жалган маалыматка каршы күрөшүү боюнча ачык лекцияларды өткөрөт. Дүйнөлүк медиа сабаттуулук жумалыгы жыл сайын октябрдын аягында белгиленет. Бул жылдын темасы “Санариптик мейкиндиктерде медиа жана маалыматтык сабаттуулук: жамааттык глобалдык күн тартиби”.

 

Бүткүл дүйнөлүк медиа жана маалыматтык сабаттуулук жумалыгы кызыкдар тараптар үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча жетишилген прогрессти баалоо жана белгилөө үчүн маанилүү учур болуп саналат.

 

Ачык лекциялар төмөнкү жерлерде өттү:

 

  • ОшМУ 16-октябрь, 10:00-12:00 (Баяндамачылар – REVIVE Internews долбоорунун улук менеджери Айсулуу Текимбаева, Интерньюстун Кыргызстандагы программалык координатору Исмаил Карыпов)
  • Жалал-Абад мамлекеттик университети 16-октябрь, 14.30-16.30, (Баяндамачылар: Жылдыз Орозматова, журналист, Т-Медианын фактчекер, Интерньюстун Кыргызстандагы программалык координатору Исмаил Карыпов)
  • Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университети, 17-октябрь, 11:00-12:30 (REVIVE Internews долбоорунун улук менеджери Айсулуу Текимбаева, Дилбар Алимова - "ПолитКлиника" онлайн медиасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору)


    Алдында дагы 6 лекциялар бар:

 

  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 18-октябрь, 12:30-14:00 (Баяндамачылар: «Чекит Медиа»нын жетекчиси Асел Сооронбаева, «ПолитКлиника» басылмасынын журналисти, факчекер Ырысбүбү Кылычбек кызы)
  • С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети. 19-октябрь, 13:00-15:00 (Интерньюстун Кыргызстандагы программалык координатору Исмаил Карыпов, MediaHubдын журналисти, фактчекер Асел Шамилова)
  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, 20-октябрь, 9.30-11.00  (Интерньюстун Кыргызстандагы программалык координатору Исмаил Карыпов, MediaHubдын журналисти, фактчекер Асел Шамилова)
  • Талас мамлекеттик университети 20-октябрь, 14:00-16.00 (Баяндамачылар: «Чекит Медиа»нын жетекчиси Асел Сооронбаева, «ПолитКлиника» басылмасынын журналисти, факчекер Ырысбүбү Кылычбек кызы)
  • Баткен мамлекеттик университети 23-октябрь, 10:00-12:00 (Баяндамачылар: Сабыр Абдумомунов – журналист жана “Данисте” программасынын автору (Азаттык), Тынымгүл Эшиева – БААУнун ага окутуучусу)
  • Арабаев атындагы КМУ, 23-октябрь, 11:00-12:30  (нтерньюстун Кыргызстандагы программалык координатору Исмаил Карыпов, MediaHubдын журналисти, фактчекер Асел Шамилова)

 

«Медиа сабаттуулук жумалыгынын алкагында биз билим берүү мекемелерин «Текшердим» кампаниясын ишке ашыруучу «Медиасабак» фондунун материалдарын колдонуу менен өз коомчулугунда медиа сабаттуулук боюнча ачык сабактарды өткөрүүгө чакырабыз жана ошентип, азыркы мезгилде бул өнөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилесе болот ” дейт Айсулуу Текимбаева, Кыргызстандагы REVIVE Internews долбоорунун менеджери.

 

Бардык суроолор боюнча кайрылыңыз:

 

Тынымгүл Эшиева, eshieva_t@auca.kg , 0555755307

 

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024