Новости

Проекты

RU
22/03/2023

Ош: Аймактардагы экономикалык журналистика боюнча тегерек стол

load img

Күнү: 2023-жылдын 28-марты

Жайгашкан жери: “ЭкоДом”, Ош шаары

 

«Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу» (EGED) – бул Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана Өнүктүрүү Бюросунун (FCDO) программасы 2020-2025-жылдары Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда экономикалык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана айкындуулугун жогорулатуу максатында реформалардын артыкчылыктары боюнча тандалып алынган тармактарда ишке ашырылат.

 

Кыргызстандагы EGED 2-компонентинин жалпы максаты экономикалык өнүгүү процесстерине жарандык коомдун катышуусун жогорулатуу аркылуу өлкөдө экономикалык өнүгүү жана инклюзивдик өсүш үчүн башкарууну жакшыртуу болуп саналат.

 

Тегерек стол катышуучуларга региондордогу аналитикалык экономикалык журналистика тармагындагы маанилүү маселелерди талкуулоого, журналисттерди сапаттуу маалымат менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө, экономикалык темалар, акыркы изилдөөлөр, жаңы идеялар жана илимий-изилдөөлөр боюнча материалдарды даярдоо боюнча тажрыйба, ошондой эле катышуучулардын ортосунда маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет ..

 

Тегерек столдун максаттары:

 

  • Экономикалык журналистикада журналисттерди мамлекеттик колдоо жана кызматташуу маселелерин талкуулоо;
  • Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн аналитикалык экономикалык журналистиканы күчөтүүнү талкуулоо;
  • Кыргызстандагы экономикалык маселелерди эффективдүү мониторингдөө жана талдоо үчүн медиа уюмдарынын, журналисттердин жана блоггерлердин тармактарынын потенциалын күчөтүү;
  • Катышуучуларга учурдагы кырдаалды талдоо, экономикалык журналистика жаатында ММКнын потенциалын жогорулатуу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктоого жардам берүү;
  • Катышуучулар ортосунда тажрыйба, жаңы идеялар жана маалымат менен эффективдүү алмашуу үчүн аянтча түзүү.

 

Тегерек столго Нарын облусунан ММК өкүлдөрү, журналисттер, редакторлор, медиа-эксперттер, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнөн турган 30 катышуучу тарабынан тренингдин жыйынтыгын чыгарылып, мындан аркы пландар, корутунду жана сунуштар айтылат.

 

Программасы


 

9:30

Каттоо.

Тосуп алуучу чай/кофе

10:00

Медиа Сабактын ачылыш сөзү

Фонддун өкүлдөрү

10:20

Тегерек столдун катышуучулары менен таанышуу

10:40

Дүйнөлүк жана Кыргызстандагы экономикалык тенденция

Расул Тулеев, Экономика боюнча эксперт, долбоордун экономикалык журналистика боюнча окуутунун ментору жана БГУ Бизнес башкаруу кафедрасынын жетекчиси

11:30

Топтук иш: “Аймакта кандай экономикалык көйгөйлөрдү көрүп жатасыз?”

Топтук талкуу

Презентация

Суроо-жооптор

12:30

Талкуу: "Экономикалык көйгөйлөрдүн чечилишине журналисттердин орду"

 Талкуу

Тема сунушу

Сунуштар

13:00

Тегерек столдун жыйынтыгын чыгаруу

13:30

Тамактануу

15:00

Жыйынтыктоо


 

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024