Новости

Проекты

RU
06/04/2023

Кыргызстанда «Текшердим» медиасабаттуулук боюнча улуттук кампаниясынын расмий бет ачары болуп өттү

load img

Кыргызстанда «Текшердим» медиасабаттуулук боюнча улуттук кампаниясынын расмий бет ачары болуп өттү. Долбоор Кыргызстандагы Интерньюстун демөөрчүлүгү астында «Медиа Сабак» коомдук фонду жана ololoMedia санариптик агенттиги тарабынан  ишке ашырылып жатат. 31-мартта ololoPlanet креативдик хабында редакторлор, журналисттер, фактчекерлер жана инфлюенсерлер чогулушту, аларга маалыматтык кампаниянын концепциясы тааныштырылды.

 

Тааныштырууну учурашуу сөзү менен чогуу медиасабаттуулук боюнча эксперт Тынымгүл Эшиева ачты. Биринчи спикер катары КРдагы Интерньюстун программалык координатору Исмаил Карыпов сөз алып сүйлөдү. Ал калктын медиасабаттуулугу боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары, өлкөнүн жашоочуларынын  олуттуу бөлүгү маанилүү темалар боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин социалдык түйүндөрдөн окугандарынын негизинде калыптандырышарын аныктагандыгын айтып берди.  Ошол себептен, «Текшердим» маалыматтык кампаниясы агартуучулук максатты көздөйт. Кампаниянын лейтмотиви – маалыматты текшерүү болуп саналат: «Мен текшердим (кыз/эркек), сен текшердиӊ (кыз/эркек) жана интернет мейкиндигинде бөлүшүп жаткан ар бир нерсе үчүн биздин ар бирибиз жоопкерчиликтүүбүз» .

 

«Бүгүнкү күндө медиа сабаттуулукту өнүктүрүү – маалыматтык мейкиндикте пайда болгон коркунучтарга жана тобокелдиктерге каршы туруу үчүн жападан жалгыз натыйжалуу курал болууда. Биз маалыматтык кампания аркылуу, адамдар маалыматтын чоӊ агымынын ак-карасын ажырата билүүгө жардам бере турган кадимки көндүмдөрүн өстүрүүнү каалайбыз. Биздин «Текшердим» кампаниябыздын алкагында максаттуу топтор маалыматты сынчыл ой жүгүртүү менен колдонуу, ишенимдүү булактарды кантип издөө жана тандоо тууралуу көбүрөөк биле алышат деп үмүттөнөбүз. Биз маалыматтык кампаниябызда эмнеге көңүл бурабыз? Биринчиден, троллдук фабрикалар маалымат айдыңында өзүлөрүнө керектүү ой-пикирди кантип көпчүлүккө таңуулап, көпчүлүктүн назарын бурдура тургандыктарын ачык көрсөтүү. Адамдар өз ой-пикирлерин тигил же бул посттун астындагы көпчүлүктүн жазган комментарийлеринин негизинде эмес, өздөрүнүн сынчыл ой-жүгүртүүнүн негизинде калыптандыруулары керек экенин түшүнүүлөрү маанилүү», – деп REVIVE долбоорунун улук менеджери Айсулуу Текимбаева теманын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Маалыматтык кампаниянын концепциясын ololoMedia санариптик агенттигинин жетекчиси Алтынай Джуманазарова презентациясында жалпыга тааныштырды. Ал кампаниянын алкагында кандай иш-чаралар, акциялар жана активдүүлүктөр пландаштырылгандыгын айтып берди.

 

Катышуучуларды күтөт:

медиасабаттуулук марафону жана жумалыгы;

–  үч күндүк медиалаборатория;

медиаконтентти түзүү боюнча сынак, анын жеӊүүчүлөрү медиабурчтардын улуттук форумунда сыйланышат;

учурда иштеп жаткан 140 медиабурчка кошумча жаӊы 10 медиабурчту түзүү;

– кеӊири жайылтуу үчүн видеороликтер, интерактивдик-билим берүүчү карточкалар жана башка медиаөндүрүмдөр форматындагы медиаматериалдарды иштеп чыгуу.

 

 

 

«Ар бирибиз күн сайын маалыматтын гигабайттарын керектейбиз, жаратабыз, жөнөтөбүз. Маалымат менен иштөө менен катар эле, аны текшерүү жана жеке жоопкерчиликти моюнга алуу жагы дагы абдан маанилүү. Башкача айтканда, катар жайылтуучу  булактар аркылуу бизге келген ар бир маалымат үчүн, биз социалдык түйүндөрдөгү өзүбүздүн баракчаларда кайра бөлүшүүнү чечкен ар бир үчүн. Биз фактчек жүргүзгөн уюмдарга, кесипкөй медиаларга, Жалпыга маалымдоо каражаттарына, пабликтерге, инфлюенсерлерге кайрылабыз.

Биздин милдет – бул медиа чөйрөсүндө эмгектенген бардык адамдарды, акторлорду, маалымат жаратып, аны жайылтуу менен алектенгендердин баарын бириктирип, кандайдыр бир жазылбаган стандарттарды орнотуу. Азыр биздин коом  маалыматты бурмалоо, фейктер, боттор, текшерилбеген маалыматтар азайышы үчүн, санариптик медиа сабаттуулугунун стандарттарына муктаж», – деп  жыйынтыктады өз сөзүн Алтынай Джуманазарова.

 

«Бүгүн биз үчүн маанилүү күн, анткени биз Кыргызстанда биринчи жолу мындай кызыктуу өнөктөштүктө масштабдуу кампанияны баштап жатабыз. Бул жерде эл аралык өнөктөштөр, улуттук өнөктөштөр, бизнес секторунун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү биринчи жолу чогуу отурушат. Биздин фонд 2017-жылдан бери Билим берүү министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясы менен тыгыз кызматташып келет. Биз министрлик тарабынан жактырылган көптөгөн колдонмолорду, сабактарды иштеп чыгуудабыз, биз медиа-маалыматтуулук сабаттуулукту жалпы билим берүү стандартына киргиздик жана бул жалпы бир бүтүн системанын милдеттүү түрдөгү бир бөлүгү болуп калды. Медиа-маалыматтык сабаттуулукту илгерилетүүгө мамлекеттин активдүү катышып жатканы – бул абдан жакшы. Борбордук Азияда биз медиасабаттуулук расмий түрдө өздөштүрүлүп жаткан биринчи өлкөбүз» – деп  өз сөзүндө баса белгиледи «Медиа Сабак» КФ директору Айчүрөк Усупбаева.

 

Маалыматты бурмалоо, фейк жана манипуляциялар менен күрөшүү жөнүндө Checkit Mediaсынын башкы редактору Асел Сооронбаева төмөнкүлөрдү айтып берди:

 

«Checkit Media – Кыргызстандагы, дегеле Борбор Азияда маалыматты бурмалоонун бетин ачуу жана мындай көрүнүштөрдү жокко чыгаруу үчүн атаандаш редакциялар бириккен биринчи уюм болуп саналат. Биз өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү медициналык бет каптар, вакциналар жана таажы вирусу жөнүндө фейк жаӊылыктар көп  жайылтыла баштаган  пандемия убагында баштадык. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму муну «инфодемия» деп жарыялады. Биригүүнүн демилгечиси КРдагы Интерньюс болду. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдарга талдоо жүргүзөбүз, тендерлерди өздөштүрүп, мамлекет кастык сөздөрдү сүйлөп жатканда ачык айтып, манипуляциялоолорго жана пропагандалоолорго каршы пикирибизди билдиребиз».

 

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү «Текшердим» онлайн-марафонунун башталышына арналды, аны Исмаил Карыпов баштап, ал ачык диалог менен коштолду. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган бардык суроолорго спикерлерден жооп ала алышты жана кампаниянын жүрүшү боюнча өз сунуштарын киргизе алышты. Презентациялардын аягында катышуучулар кампанияны ишке ашырууда жардам көрсөтүүгө жана ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

«Текшердим» маалыматтык кампаниясы Кыргызстандагы Интерньюс тарабынан ишке ашырылып жаткан эки долбоордун колдоо көрсөтүүсү менен өткөрүлүүдө. Алар -  Европа Биримдиги тарабынан каржыланып жаткан «Динамикалуу чөйрө үчүн туруктуулук жана ар түрдүү маалымат менен өз ара аракеттенишүү» (REVIVE) долбоору жана Кыргызстандагы USAID тарабынан каржыланып жаткан «Медиа-К» долбоору. Материалдын мазмуну «Медиа Сабак» коомдук фондунун жана ololoMedia digital агенттигинин көз карандысыз чыгармачыл иши болуп эсептелет жана  Интерньюстун, Европа Биримдигинин, USAIDдин же АКШнын Өкмөтүнүн жана алардын өнөктөштөрүнүн позицияларын милдеттүү түрдө чагылдырбайт.

 

 


 

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024