Новости

Проекты

RU
19/04/2023

Республикалык “Мыкты медиа бурч” сынагы башталды!

load img

Кымбаттуу достор!

 

Сиздер үчүн жагымдуу жаңылыгыбыз бар!

 

«Медиа Сабак» Фонду Кыргызстандагы мектептер, медреселер жана ислам диний мекемелер арасында жыл сайын өтүүчү “Мыкты медиа бурч” сынагын старт алганын жарыялайт!

 

Сынак «Текшердим» улуттук медиа сабаттуулук өнөктүгүн бир бөлүгү катары уюштурулууда. «Текшердим» акциясы Европа Биримдиги жана USAID тарабынан каржыланып, Кыргызстанда Internews тарабынан ишке ашырылып жаткан REVIVE жана Media-K долбоорлорунун алкагында март айынын соңунда башталган. Өнөктүктүн максаты – Кыргыз калкынын медиа жана санариптик сабаттуулуктун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү.

 

Сынактын максаты – медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жайылтууга салым кошкон демилгелүү жана мыкты медиа бурчтарды колдоо. Мында Facebook, Instagram же Youtube каналындагы баракчалар медиа бурчтар катары кабыл алынат. Сынакка мурдатан иштеп жаткан, жана ошондой эле жаңы социалдык баракчалар катыша алат.

 

Материалдардын форматы кандай болушу керек?

 

  • Посттор, макалалар, окуялар/баяндар;
  • Видеороликтер, репортаждар жана кайрылуулар (узактыгы маанилүү эмес);
  • Подкасттар, аудио-баяндар;
  • Эстафеталар, чакырыктар (челледждер) жана кароо-сынактар;
  • Ошондой эле сиздер кызыктуу деп санаган башка форматтар.

 

Медиа бурчтардын материалдарынын мазмуну төмөнкү темалардан болушу мүмкүн:

 

  • «Текшердим» маалыматтык өнөктүгүнө байланыштуу идеялар;
  • Медиа жана маалыматтык сабаттуулук; 
  • Маалыматты сынчыл керектөө;
  • Санариптик сабаттуулук;
  • Кастык тили, жалган маалымат, манипуляция, пропаганда;
  • Сиздер кызыктуу деп санаган мектеп жаңылыктары;
  • Сиздер уникалдуу жана кызыктуу деп санаган дагы башка идеялар.

 

«Текшердим» долбоорунун алкагында медиа бурчка сөзсүз түрдө видео кайрылуу жасаңыздар же жогоруда айтылган маалымат өнөктүгүнө катышуу үчүн эстафетаны сунуңуздар!

 

Медиа бурчтун командасынын курамы:

 

  • Мектептин, медресенин же ислам институттун 1 жооптуу лидер мугалими;
  • 3-10 окуучу/студент (анын ичинде бир команда лидери).

 

Сынактын шарттары:

 

  1. Ар бир мектеп/медресе/ислам институттун Фейсбук жана/же Instagram баракчасы, ошондой эле сынакка катышуу үчүн Youtube каналы болушу керек (мурда катталгандар да, жаңы медиа бурчтары да катыша алат).
  2. Facebook, Instagram баракчаларыбызга жана Youtube каналыбызга жазылыңызган болуусу зарыл.
  3. 2023-жылдын 17-апрелинен 30-сентябрына чейин (ал күндү кошкондо) төмөнкү шилтеме боюнча форманы/табыштаманы толтуруу менен Медиа бурчуңузду сынакка каттоодон өтүшүңүздөр зарыл: https://forms.gle/Neyu2BCihgUXyAk49. Сынакка медиа бурчту канчалык эрте каттасаңыз, ошончолук жакшы.
  4. Катталгандан кийин (б.а. форманы тапшыргандан кийин) контент түзүүнү баштаңыз: маалымат берүүчү постторду, кызыктуу рубрикаларды, фото жана видео публикацияларды жүктөө жана түрдүү сурамжылоолорду жүргүзүү аркылуу медиа бурчуңуздардын баракчасына жазылуучуларды тартыңыз. Негизинен, сынактын максатын шай келе турган идеяларды ишке ашырыңыздар.
  5. Пост жана стористериңиздерде (Инстаграмда же Facebookта) бизди @mediasabak белгилеңиздер жана #MediaBurch2023, #MediaUgolok2023, #mediasabak, #текшердим, #медиасабак_ммс, #internewskg, #usaidkg, #eu4kg, #ololo хештегтерин колдонууну унутпаңыздар.

 

Медиа бурчтун тили: кыргыз же орус, же болбосо эки тил.

 

Эмнелер таптакыр кабыл алынбайт?

 

  • Автордук укукту бузуу жана башка адамдардын эмгегин, дизайнын же идеяларын көчүрүү;
  • Терс кайрылуулар, пропаганда, кастык тилинин сөздөрү жана жалган маалымат;
  • Спам жана сапатка караганда санга көбүрөөк көңүл буруу;
  • Идеясы, багыты жана максаты жок посттор.

 

! Биригип медиа бурч түзүүнү каалаган медресе студенттери жана ислам диний мекемелердин студенттери медресенин же окуган жеринин атынан эмес, башкача аталыш менен сынакка катышуу үчүн сынактын уюштуруучуларына байланышып, бул чечимин негиздөөлөрү зарыл.

 

Сынак 2023-жылдын 30-сентябрында аяктайт .

 

Эми, негизгисине келели — СЫЙЛЫКТАРГА өтөлү.

 

1-орун – ноутбук + сертификат

2-орун – ноутбук + сертификат

3-орун – ноутбук + сертификат

 

Тандоо критерийлери:

 

  • Сынактын тематикасына толук шай келүүсү; 
  • «Текшердим» маалыматтык өнөктүгүнүн алкагындагы милдеттүү түрдөгү катышуусу/видео билдирүүсү;
  • Чыгармачылык жана өзгөчөлүк;
  • Медиа бурчтун берүүлөрүнүн сапаты (дизайн, текст, тема, сүрөт, бүтүндөй жасалга, берүүлөрүнүн ырааттуулугу);
  • Сынактын уюштуруучулары белгилөөсү жана хэштегдерди колдонуусу.

 

Жазылуучулардын саны анчалык маанилүү болбосо да, аудиторияны кеңири камтуусу эске алынат.

 

МААНИЛҮҮ!

 

Белгилей кетсек, сынакка катышуу үчүн сертификат берилбейт.

Финалисттерди тандоо конкурстук негизде «Медиа Сабак» фонду тарабынан жүргүзүлөт. Ошону менен бирге мектептин медиа бурчунун мындан ары да илгерилетүүсүнө команданын мотивациясы жана даярдыгы бааланат. «Медиа Сабак» Фонду жеңүүчүлөрдү тандоодо чечим кабыл алуу укугун өзүнө калтырат.

 

Бардык кошумча суроолор боюнча 0707 112 255 (Whatsapp) номомерине - Каныкей Кененсариевага, дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 10:00дөн 15:00гө чейин чалыңыздар же жазыңыздар.

 

Маалымат үчүн: «Текшердим» маалыматтык кампаниясы Кыргызстандагы Интерньюс тарабынан ишке ашырылып жаткан эки долбоордун колдоо көрсөтүүсү менен өткөрүлүүдө. Алар -  Европа Биримдиги тарабынан каржыланып жаткан «Динамикалуу чөйрө үчүн туруктуулук жана ар түрдүү маалымат менен өз ара аракеттенишүү» (REVIVE) долбоору жана Кыргызстандагы USAID тарабынан каржыланып жаткан «Медиа-К» долбоору. Материалдын мазмуну «Медиа Сабак» коомдук фондунун жана ololoMedia digital агенттигинин көз карандысыз чыгармачыл иши болуп эсептелет жана  Интерньюстун, Европа Биримдигинин, USAIDдин же АКШнын Өкмөтүнүн жана алардын өнөктөштөрүнүн позицияларын милдеттүү түрдө чагылдырбайт.

 

«Динамикалуу чөйрө үчүн туруктуулук жана ар түрдүү маалымат менен өз ара аракеттенишүү (REVIVE)» долбоору 2022-жылдан баштап Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү Интерньюс тарабынан ишке ашырылууда, ал Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Долбоордун максаты – ишенимдүү маалыматты сунуш кылуу аркылуу көз карандысыз ой-пикирлерди күчтөндүрүү. Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарына таза маалыматтык чөйрөнү түзүүгө, бурмаланган маалыматты пропагандалоого каршы турууга жана негиздүү чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт.

 

«Медиа-К» – бул Кыргызстандагы Интерньюстун көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөтүү боюнча ири индустриялык долбоору. 2022-жылдын күз мезгилинен баштап «Медиа-К» долбоорунун жаӊы беш жылдык этабы USAID уюмунун колдоо көрсөтүүсү менен жана «Фридом Хаус» катышуусунда башталды. «Медиа-К» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы Интерньюс көз карандысыз медиаларга, тактап айтканда аймактык редакцияларга жана кыргыз тилиндеги материалдарга колдоо көрсөтөт. Жаӊы фазанын алкагында көз карандысыз медиалардын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө, алардын каржылык туруктуулугун чыӊдоо боюнча иштер башталды, санариптик коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жардам көрсөтүлүүдө, жана ошондой эле ЖМКнын эркиндигин колдоо, ири аудиториялардын арасында медиасабаттуулукту илгерилетүү, медиасынды, дата-журналистиканы өстүрүүгө көмөктөшүү, фактчектердин жана маалыматты бурмалоо менен күрөшүү боюнча мониторинг жүргүзүүчүлөрдүн түйүнүн өнүктүрүү үчүн, ошондой эле социалдык жактан маанилүү сапаттуу контентти өстүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн укуктук жардам көрсөтүлүүдө.

 

 

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024