Новости

Проекты

KG
11/12/2023

Баткен облусунун медиа уюмдарын, журналисттерин жана блогерлерин чакырабыз!

load img

“Медиа сабак” КФ Кыргыз Республикасындагы БУУнун Аялдар Уюму менен биргеликте “Гендердик-сезимтал журналистика” программасынын алкагында Баткен облусунун медиа уюмдарына, журналисттерине жана блогерлерине «Баткендик аялдар тынчтык жана өнүгүү үчүн коомдук биримдикти камсыз кылууга салым кошууда» долбоорунун алкагында гендердик сезимтал журналистиканын потенциалын жогорулатуу жана окутуу үчүн тандоону жарыялайт, 2023-жылдын августунан жана 2024-жылдын мартына чейин Суу-Башы, Сумбула жана Лейлектин үч айыл өкмөтүндө эл аралык өнүктүрүү үчүн Улуу Британиянын өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен “БУУ-аялдар” Структурасы тарабынан ишке ашырылган.

Бул максатта “Медиа сабак” фонду “БУУ-аялдар” Структурасы менен биргеликте гендердик медианын өзүн-өзү баалоо долбоорунун II фазасын ийгиликтүү ишке ашырып, 50дөн ашык гендердик-сезимтал журналисттикага умтулган, редакторлорду жана операторлорду окутту.


Алар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте “Медиалар үчүн гендердик-этикалык кодексин” кабыл алып, 16 медиа уюм өз ишмердүүлүгүндө гендердик-сезимтал мамилени сактоо боюнча Келишимине кол коюшту.  Долбоордун эки фазасынын жыйынтыгы боюнча гендердик өзүн-өзү баалоо боюнча тренингдин катышуучулары материалды иштеп чыгуу боюнча сынактардын алкагында монтаждык компьютерлер, монтаждоочу жана кеңсе ноутбуктары менен сыйланышты.

 

Долбоорду ишке ашыруу аймактык медиа уюмдардын көндүмдөрүн өнүктүрүүгө салым кошту жана биз гендердик маселелерди чагылдырууда оң өсүшкө күбө болуп жатабыз.

 

Буга байланыштуу “Медиа сабак” фонду “БУУ-аялдар” Структурасы менен биргеликте ментордук долбоорун баштап, гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу жана өткөрүү үчүн медиа уюмдарды, журналисттерди жана блоггерлерди кабыл алууну жарыялайт. Окутуу журналистикада жана медиа тармагында гендердик мамилени колдонуу аркылуу ЖМК өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу үчүн үч күндүк оффлайн тренингтен жана ментордук колдоодон турат.

 

Үч күндүк окутуудан кийин, 2 айдын ичинде медиа адистери аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча контентти жасоо үчүн ментордук колдоо алышат. Мындан тышкары, катышуучулардын эмгектери телевидение, маалымат сайттары, радио жана социалдык тармактар ​​аркылуу көрсөтүлүшү шарт.

 

Окутуунун жана ментордук программасынын жыйынтыгы боюнча “Мыкты материал” сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылат.

 

Тандоо шарттары: Тандоо критерийлерине жооп берүү үчүн 2023-жылдын 12-декабрына чейин анкетаны толтуруу керек. Биздин Facebook, Instagram баракчаларыбызга жана Youtube каналыбызга жазылыңыз.

 

Биз кимди издеп жатабыз?

  • - Кыргыз же орус тилдүү жана/же эки тилдүү басма жана онлайн ЖМКлар, блоггерлер.
  • - Гендердик-сезимтал журналистика боюнча тренинг аркылуу билимин жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууну, ошондой эле аларды иш жүзүндө колдонууну каалагандар.
  • - Бардык ылайыктуу медиа уюмдар, журналисттер жана Баткен облусунун блогерлери.

Бир эле медиа уюмдан бир нече адамдын катышуусу колдоого алынат - булар журналисттер, редакторлор, директорлор, HR менеджерлери ж.б. болушу мүмкүн.

 

Тандоо критерийлери:

  • - Ачык жана өзгөртүүгө даяр 
  • - Чыгармачылык – ар кандай кызыктуу идеялар жана проактивдик мамиле.
  • - Активдүүлүк, демилгелүүлүк.

Датасы: 16-17 декабрь, 2023-жыл
Дареги:  Айгуль Отели, Баткен шаары
Баткенге келген катышуучуларга жата кана уюштурулуп жана жол кире уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.

“Баткендин аялдары тынчтык жана өнүгүү үчүн социалдык биримдикке көмөктөшөт” долбоору 2023-жылдын августунан баштап 2024-жылдын март айына чейин Суу-Башы, Сумбула жана Лейлек үч айыл өкмөтүндө Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы “БУУ-аялдар” Структурасы тарабынан ишке ашырылууда. 

 

МААНИЛҮҮ!

Катышуучуларды тандоо сынактын негизинде «Медиа сабак» коомдук фонду тарабынан жүргүзүлөт. Мында алган билимдерин практикада колдонууга болгон мотивация жана каалоо бааланат.

Кошумча суроолор боюнча Кундуз Жекшен кызы менен байланышыңыз: 0705 801 427 (Whatsapp)

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024