Новости

Проекты

KG
15/12/2023

Бишкекте «Медиадагы гендердик оптика 2.0» аймактык форуму өттү

load img

Бишкек, 2023-жылдын 14-декабры – Бишкекте аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюуга багытталган Европа Биримдиги менен БУУнун биргелешкен “Теңдик нуру” глобалдык демилгеси жана гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниясы алкагында “Медиадагы гендердик оптика 2.0” аймактык форуму өттү.

 

Форумдун максаты – билим берүү жана медиа секторунда улуттук жана аймактык деңгээлде гендердик сезимтал журналистиканы жана медианы илгерилетүү боюнча жетишилген натыйжаларды кеңейтүү болду.

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу куттуктоо сөзүндө белгилегендей, министрликтин Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыгы бекемделмекчи: «Билим берүү системасындагы гендердик саясат өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Маселен, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында студенттердин жалпы санынын жарымынан көбүн 18226 студент кыз түзөт. Ар бир окуучу өз максатына жете тургандай шарт түзүү үчүн күн сайын иштешибиз керек. Биз гендердик тоскоолдуктарды жана стереотиптерди жоюуга багытталган демилгелерди жетектейбиз, анткени бардык кыздар жана балдар бирдей билим алууга бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ».

 

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте ЖМКнын гендердик этикалык кодекси кабыл алынып, 17 медиа уюм өз ишмердүүлүгүндө гендердик мамилени сактоо боюнча Макулдашууга кол коюшкан. Ошондой эле, «Теңдик нуру» долбоорунун алкагында иштелип чыккан гендердик сезимтал журналистика курсу Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен ЖМК жана журналистика тармагында гендердик мамилени илгерилетүү боюнча аткарылган иштерди андан ары институтташтыруу үчүн Кыргызстандын журналистика факультеттери бар бардык ЖОЖдоруна интеграцияланат.

 

Бул тууралуу БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлү Улзийсурэн Жамсран билдирди: «Биз Медиа форумга 2023-жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн гана эмес, министрликтер, университеттер, медиа уюмдары менен биргеликте үч жылдык талыкпаган ишибиздин жыйынтыгын талкуулоо үчүн чогулдук. Бул жылы биз аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу аспектилерин байкап гана тим болбостон, активдүү чагылдырдык – бул жерде биздин ЖМК жана билим берүү мекемелериндеги өнөктөштөрүбүз чоң роль ойноду».

 

Бул медиа форум медиа уюмдардын жана мультимедиялык борборлордун гендердик өзүн өзү баалоодогу, ЖМКнын гендердик этика кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуудагы, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттеринде гендердик сезимтал журналистика боюнча трансформациялоочу курстар, модулдар жана колдонмолор ошондой эле гендердик ченемдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруудагы жетишкендиктерин жана натыйжаларын талдоо үчүн аянтча катары иштелип чыккан.

 

Форумдун катышуучуларынын арасында Нарын, Чүй жана Ош облустарынын медиа уюмдарынын 80ден ашуун өкүлү, анын ичинде медиа менеджмент, журналисттер, редакторлор, гендердик жана медиа эксперттер, республиканын жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана профессорлору болду.

 

«Медиа сабак» коомдук фондунун директору Айчүрөк Усупбаева, фонд менен БУУнун Аялдар түзүмү ортосундагы узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүктүн, ошондой эле мыкты тренерлер, окутуучулар, журналисттер жана гендердик эксперттер тобунун жемиши катары гендердик сезимтал журналистика боюнча биринчи окуу куралы иштелип чыкканын белгилей кетти.

 

«Гендердик сезимтал журналистика» окуу-методикалык колдонмосу келечектеги ЖМК кызматкерлерине жана практик журналисттерге гендердик компетенцияны өнүктүрүүгө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө гендердик мамилени колдонууга жардам берүү максатында иштелип чыккан. Келечекте медиа тармагынын, ошондой эле билим берүү тармагынын өкүлдөрү аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту жоюуга жигердүү салымын кошот деп терең ишенем», - деп кошумчалады Айчүрөк Усупбаева.

 

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө гендердик көйгөйлөрдү чагылдырган, гендердик теңчиликти жайылтуу жана гендердик сезимтал журналистиканын принциптерине жана стандарттарына ылайык аялдар менен кыздарга карата зомбулукту жоюу жаатындагы мыкты материалдарды жана медиа-продукцияларды түзүү боюнча ЖМК өкүлдөрүнүн арасында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

 

«Медиада гендердик оптика 2.0» аймактык форуму Европа Биримдиги менен БУУнун биргелешкен «Теңдик нуру» глобалдык демилгесинин алкагында өтүп жатат, форумдун уюштуруучулары Кыргыз Республикасындагы БУУнун Аялдар түзүмү, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана «Медиа Сабак» коомдук фонду.

 

 

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024