Новости

Проекты

KG
16/01/2024

Борбор Азиядагы QLEVER+ долбоору өз ишин улантууда

load img

«Медиа Сабак» Фонду ERIM (Франция), MediaNet (Казакстан) жана Гурдофарид (Тажикстан) менен биргеликте жаңы QLEVER+ долбоорунун башталгандыгы тууралуу кубанычтуу кабарлайт. Долбоордун максаты - Борбордук Азиядагы жаштардын критикалык ой жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу  жана Интернеттеги жалган маалыматка, экстремизмге, манипуляцияга жана пропагандага каршы туруу.

 

Qlever+ долбоорунун негизги аспектилери:

 

  1. Qlever оюнга негизделген окуу платформасы:

Биздин веб-сайт [https://qlever.asia] жана Google Play Market'теги [https://play.google.com/store/apps/details?id=com.irokez.qlever]  тиркеме  2020-жылы ишке киргизилгенден бери медиасабаттуулукту жогорулатууга жардам берүүчү  интерактивдүү билим берүү оюндарын камсыз кылат. Борбордук Азия жаштары интернет булактарынан жана социалдык тармактардан алынган маалыматтар менен активдүү өз ара аракеттенишет жана биздин платформа аларга ишенимдүү жана жалган маалыматты айырмалоо жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет. Оюн ойноодон тышкары, алар упайларды топтоп, платформанын дүкөнүндө байгелерге алмаштырышат. 2024-жылдын февраль айында биз жаңы кызыктуу оюндар, окуялар жана байгелер менен платформанын жаңыртылган версиясын сунуштоого кубанычтабыз.

 

  1. Борбордук Азия лагерлери:

«Медиа Сабак» фонду Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жогорку класстын окуучулары үчүн Media Station жайкы лагерлерин өткөрүү боюнча чоң тажрыйбага ээ. Биз QLEVER+ программасынын алкагында Борбордук Азиянын жаш мугалимдери жана лидерлери үчүн атайын жайкы лагерлерди уюштуруу менен билим берүү миссиябызды кеңейтип жатабыз. Эң активдүү катышуучулар өздөрүнүн жамааттары үчүн пайдалуу болгон өз демилгелерин ишке ашыруу үчүн мини-гранттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

 

   3. Евразиялык фактчекинг  жана медиа сабаттуулук тармагын (EFMN) чыңдоо:

Фактчекерлер  жана дата-журналисттер үчүн тренингдер жана мастер-класстар долбоордун маанилүү компоненти болуп саналат. Бул иш-чаралар алардын кесиптик билимин жана көндүмдөрүн тереңдетүүгө багытталып,  аймактардагы маалыматтын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Биз Борбордук Азиянын жаштарын маалыматты критикалык талдоо жана баалоо үчүн билим жана көндүмдөр менен камсыз кылуу аркылуу маалымат агымына туруктуу жана аң-сезимдүү мамилени калыптандырууга умтулабыз. QLEVER+  маалыматтык коопсуз жана жоопкерчиликтүү коомду түзүүгө салым кошуу менен бирге, жалган жана текшерилбеген маалыматтардын жайылышына каршы күрөшүүнүн негизги куралы болуп саналат.

 

Биздин жаңылыктардан артта калбагыла:

 

Биздин социалдык тармактардагы баракчаларыбызда жана веб-сайттардагы QLEVER+ долбоорунун кызыктуу жаңылыктарын жана  жарыяларын өткөрүп жибербегиле:

 

Facebook: https://www.facebook.com/mediasabak.org 

Instagram: https://www.instagram.com/mediasabak/ 

Расмий сайттар: mediasabak.ngo жана mediasabak.org.

 

Байланыш үчүн маалымат:

Кундуз Жекшен кызы, координатор

«Медиа Сабак» фонду

Email: kunduz.msc@gmail.com

Телефон: +(996) 705 801 427

 

QLEVER+ долбоору тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн маалымат аркылуу байланышкыла.

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024