Media Station Жайкы лагерине катышуучуларды кабыл алуу башталды!
Көңүл буруңуздар, ардактуу окуучу достор!
Сиздер үчүн жагымдуу жаңылыгыбыз бар!
“МедиаСабак” коомдук фонду Германиянын Федералдык Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлигинин жана Deutsche Welle Academy медиа сабаттуулуктун Media Station жайкы лагерине катышуу үчүн жогорку класстын окуучуларын конкурстук негизде кабыл алууну жарыялайт! Жайкы лагерь 2021-жылдын 1-июлунан 9-июлуна чейин Ысык-Көлдө өтөт. Буга 2020-2021-окуу жылында Кыргызстандагы 8-9-10-класстын бүтүрүүчү мектеп окуучулары табыштаманы анкета түрүндө тапшыра алат.
Эгерде сиз мектептин коомдук турмушуна катышсаңыз, ыктыярдуу иш-аракеттерди жасасаңыз, журналистикага кызыксаңыз, сынчыл ой жүгүртүүнү өркүндөтүүнү жана жаңы тажрыйба менен билим топтоону кааласаңыз, анда бизге келишиңиз керек!
Лагерге катышуунун эң негизги шарттары:
1. Биздин Facebook, Instagram баракчаларыбызга жана Youtube-каналыбызга жазылуу (подписка);
2. 2021-жылдын 31-майына (саат 17:00дөн кечикпей) чейин анкета толтуруп жиберүү.
Анкета үчүн шилтеме: https://forms.gle/EF59niHmxnfVRTSbA
Лагерге катышуу акысыз. Жатакана, тамак-аш, кеңсе буюмдары, жолугушуу пунктунан лагерге чейинки жана кайра коштошуу жерине чейинки жол киреңиз уюштуруучулар тарабынан каржыланат.
Катышуучуларды тандоо критерийлери:
- Активдүүлүк - жигердүү катышуу жана ыктыярчылыкты артыкчылык деп эсептөөсү;
- Медиа жана маалыматтык сабаттуулук темасына кызыгуусу;
- Билим алууга умтулуусу жана лагерден кайтып келгенден кийинки ал билимин башкалар менен бөлүшүү аракетинин болуусу;
- Лагерге көрсөтүлгөн убакытта катышуу мүмкүнчүлүгүнүн болуусу.
Көңүл буруңуз! Окуучуну тандап алган учурда, жайкы лагерге катышуу үчүн ата-энесинен же башка жакынынан жазуу жүзүндө уруксат талап кылынат.
Кошумча суроолор үчүн телефондор: 0707112255 (Каныкей Кененсариева), 0707082009 (Урмат Каныбеков)
Иштөө убактысы 9: 00дөн 17: 00гө чейин. Иш убактысында чалыңыздар.