Новости

Проекты

KG
23/09/2022

ММС сабагынын мыкты иштелмеси боюнча республикалык сынак

load img

«Медиа сабак» КФ Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин арасында ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулук) компоненти менен мыкты сабак планына сынак жарыялайт.

 

Сынак Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Федералдык министрлигинин, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Кыргыз Билим берүү Академиясы менен билим берүү системасы аркылуу калктын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча меморандумдун негизинде, Кыргызстанда медиа маалымат сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

 

Башкы белектер3 НОУТБУК жана жеңишин тастыктаган дипломдор!

 

Сынактын максаты:

  • Билим берүү тармагында ММС билимдерин илгерилетүү боюнча жаңы окутуу ыкмаларын табуу;
  • Мугалимдердин аймактардагы жаштардын сынчыл ойломун, санариптик жана медиа сабаттуулугунун деңгээлин көтөрүүгө багытталган ММС компоненттери камтылган сабактарды иштеп чыгуу тажрыйбасын өркүндөтүү;
  • Чыгармачылык дараметин жана шыктануусун арттыруу;
  • Тажрыйба алмашуу.

 

ММС компоненттери камтылган сабак – бул мектеп предметтеринин бири боюнча мугалимдин чыгармачыл сабагы, анда ММС элементтери киргизилет жана сынчыл ойломду, медиа, маалыматтык жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрө турган ресурстар колдонулат.

 

Сынакка Кыргызстандын мектептеринин бардык каалоочу мугалимдери катыша алат.

 

Конкурска катышууга коюлган талаптар:

  • Сынактык эмгектер кыргыз же орус тилинде болушу керек.
  • Сабактын планы тексттик документ түрүндө (.doc) же презентация форматында (.ppt, .pptx) болушу керек, анда сабактын максаты, милдети, максаттуу тобу (жаш курагы/классы/курсу/окутуу тили/ факультет, адистиги ж.б.), кандай билимдерге, көндүмдөргө ээ болушаары, сабактын этаптары, күтүлгөн натыйжалар, рефлексия, ыкмалар, каражаттар, мугалим менен окуучулардын өз ара аракеттенүүлөрү, пайдаланылган адабияттардын сүрөттөмөсү камтылат;
  • Сабактын бардык компоненттеринин өз ара логикалык байланышы болушу зарыл жана алар сабактын темасына жана милдеттерине, максатына шайкеш келиши керек;
  • Тандалып алынган предмет боюнча сабактын планында окучуулардын сынчыл ойлом, медиа, маалыматтык жана санариптик сабаттуулук көндүмдөрүн өнүктүрө турган кеминде 3 компонент камтылышы керек;
  • Сабактын планы силердин окуу жайыңардын алкагында ишке ашырганга мүмкүндүү болушу керек;
  • Теориялык бөлүгү менен бирге эле сабактын планында теманы бышыктай турган натыйжалуу практикалык көнүгүүлөр (татаалдык деңгээлине жараша, жекече, түгөйлөр менен же топ болуп иштөө), ошондой эле тапшырмаларды аткаруу жана кейстерди талдоо болушу керек;
  • Чыгармачыл мамиле, новатордук идеялар жана заманбап медиа коммуникациялык каражаттардын (гаджеттер, девайстар: компьютер, ноутбук, смартфон, интерактивдүү доска, тиркемелер ж.б.) колдонулушу кубатталат;
  • Жаңы материалды жакшы өздөштүрүү максатында өз алдынча иштөө үчүн изилдөөчүлүк же практикалык иштерди даярдоо (үй тапшырма) сабактын планына киргизилиши мүмкүн;
  • Сынактык эмгектер уникалдуу болушу керек (жюри плагиат боюнча текшерүү жүргүзөт), темага байланыштуу ар кандай материалдарды колдонууга болот, негизги шарт – алардын булагын жана пайдаланылган адабияттарын көрсөтүү керек.

 

Конкурска катышуунун шарттары жана тартиби:

 

I этап: Кыргызстандын мектептеринин (учурда иштеп жаткан) мугалимдеринин эмгектерин кабыл алуу 2022-жылдын 22-сентябрынан 17-октябрына (Бишкек убактысы боюнча 23.59га) чейин кабыл алынат.

 

Эмгектер mediasabakkg@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

 

II этап – Сынактык иштерди баалоо: эксперттик комиссиянын иши, жеңүүчүлөрдү аныктоо 2022-жылдын 18-октябрынан 23-октябрына чейин

 

III этап - Жеңүүчүлөрдү жарыялоо, жеңүүчүлөрдүн сынактык иштеринин бет ачары жана сыйлыктарды тапшыруу.

 

Жеңүүчүнүн сабак планынын бет ачары жана сыйлык тапшыруу аземи 2022-жылдын 3-4-ноябрында Бишкекте өтө турган CAMILCon2022 III Борбордук Азиялык медиа жана маалыматтык сабаттуулук конференциясында өтөт. Бардык керектүү чыгымдарды сынактын уюштуруучулары көтөрөт.

 

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ММС боюнча тажрыйбалуу мугалимдер жана Финляндия, Франция, Германия, Австрия, Монголия, Россия жана Украинадан чакырылган эксперттерден турган 150дөн ашуун катышуучу чакырылган.

 

МААНИЛҮҮ!

 

Финалисттерди тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт. Бардык иштелип чыккан сабактар Борбордук Азия чөлкөмүнүн компетенттүү адамдарынан турган атайын түзүлгөн комиссия тарабынан кылдат каралат. Бул учурда сабакка коюлган талаптардын бардыгы бааланат. «Медиа Сабак» КФ жеңүүчүлөрдү тандоодо чечим кабыл алуу укугун өзүнө калтырат.

 

Бардык суроолор боюнча иш күндөрү саат 8:30 - 17:30 аралыгында +996 777 230 286 (Тынчтыкбек Досмуратов) телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

 

Долбоор Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин, Deutsche Welle Академиясынын каржылык колдоосунда «Медиа Сабак» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

 

КОШУМЧА РЕСУРСТАР:

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024