Новости

Проекты

KG
29/03/2023

Кыргызстанда медиасабаттуулук боюнча «Текшердим» аталыштагы улуттук кампания башталат

load img

Кыргызстандагы Интерньюс REVIVE жана «Медиа-К» долбоорлорунун алкагында медиасабаттуулук боюнча «Текшердим» аталыштагы улуттук маалыматтык кампания өтөт. Анын максаты – Кыргызстан калкынын медиа жана санариптик сабаттуулуктугун, сынчыл ой-жүгүртүүсүнүн өнүктүрүүлөрүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугунун деӊгээлин жогорулатуу.

 

Долбоордун алкагында жалпы республика боюнча максаттуу аудиторияны камтуу пландаштырылууда. Маалыматтык кампаниянын милдеттери – кыргызстандыктардын төмөнкү көндүмдөрүн жакшыртууга жардам берүү:

  • фейк маалыматты айырмалай билүү;
  • ар түрдүү маалымат булактарын талдай алуу жана алардын арасынан ишенимдүүсүн жана ынанымдуусун тандай билүү;
  • маалыматка, өзгөчө онлайн түрдө тараган маалыматка сынчыл көз карашта болуу.

 

Кампания «Медиа Сабак» коомдук фонду жана ololoMedia digital агенттиги менен биргеликте ишке ашырылууда.

 

«Технологиялардын өнүгүшү өтө чоӊ мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен чогуу олуттуу чакырыктарды да жаратат. Адамдар барган сайын кесипкөй медиаларды сейрек окушууда жана көбүнчө социалдык түйүндөрдө олтурушууда. Окугандарынын же уккандарынын негизинде коомдогу маанилүү темалар боюнча өз ой-пикирлерин калыптандырышат. Бул медианы колдонуунун жаӊы көндүмдөрү жана адаттары болуп эсептелет. Мындай шарттарда тыюу салуулар менен чектөөлөр иштебейт. Алсак, дүйнөдө маалыматты бурмалоого каршы аракеттерди көрүү үчүн медиасабаттуулукту жогорулатуудан башка мыкты курал азырынча али ойлоп чыгарыла элек. Биз «Текшердим» кампаниябыздын алкагында максаттуу топтор маалыматты кантип сынчыл көз караш менен колдонуу керектиги, ишенимдүү булактарды кантип издөө жана тандап алуу керектиги жөнүндө көп нерселерди биле алышат деген үмүттөбүз», - деп Кыргызстандагы Интерньюстун REVIVE долбоорунун менеджери Айсулуу Текимбаева кампаниянын тематикасынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

«Текшердим» маалыматтык кампаниясы 2023-жылдын ичинде өткөрүлө турган бир катар онлайн жана оффлайн иш-чараларды жана аракеттерди өзүнө камтыйт. Кампаниянын алкагында төмөнкү иш-чаралар уюштурулат:

  • инфлюенсерлердин катышуусундагы медиасабаттуулук марафону;
  • медиасабаттуулук жумалыгы;
  • үч күндүк медиалаборатория;
  • медиаконтентти түзүү боюнча сынак, анын жеӊүүчүлөрү медиабурчтардын улуттук форумунда сыйланышат;
  • учурда иштеп жаткан 140 медиабурчка кошумча жаӊы он медиабурчту түзүү;
  • Кеӊири жайылтуу үчүн видеороликтер, интерактивдик-билим берүүчү карточкалар жана башка медиаөндүрүмдөр форматындагы медиаматериалдарды даярдоо.

 

«Биз мурун-кийин биздин жана башка долбоорлордун алкагында мектептерде жана айыл өкмөттөрүндө түзүлгөн медиабурчтар менен иштейбиз. Калкка медиасабаттуулуктун бардык аспектилерин жеткирүү зарыл. Сөз эркиндигинин жана ар түрдүү маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгү – аймактардын көптөгөн жашоочулары үчүн анча түшүнүктүү эмес. Өсүп келе жаткан муунда медиасабаттуулук көндүмдөрүн калыптандыруу өзгөчө маанилүү болуп саналат», - дейт «Медиа Сабак» КФ программалык директору Айчүрөк Усупбаева.

 

«Биз ошондой эле онлайн-марафон, коомдук талкуулар жана инфлюенсерлерди тартуу аркылуу калктын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн караштырдык. Медиажамаат маалыматтык кампанияны активдүү колдоого алып, өлкөнүн бардык булуӊ-бурчундагы аудиторияны камтуу аракетибизге жардам беришет деген үмүттөбүз. Сынчыл ой-жүгүртүүнүн деӊгээлин жогорулатуу – медиачөйрөнүн бардык оюнчуларынын жалпы милдети жана жалпы жоопкерчилиги» - деп онлайн-марафондун уюштуруучусу, Кыргызстандагы Интерньюстун долбоорунун координатору Исмаил Карыпов баса белгилейт.

 

Билдирме: «Текшердим» маалыматтык кампаниясы Кыргызстандагы Интерньюс тарабынан ишке ашырылып жаткан эки долбоордун колдоо көрсөтүүсү менен өткөрүлүүдө. Алар -  Европа Биримдиги тарабынан каржыланып жаткан «Динамикалуу чөйрө үчүн туруктуулук жана ар түрдүү маалымат менен өз ара аракеттенишүү» (REVIVE) долбоору жана Кыргызстандагы USAID тарабынан каржыланып жаткан «Медиа-К» долбоору. Материалдын мазмуну «Медиа Сабак» коомдук фондунун жана ololoMedia digital агенттигинин көз карандысыз чыгармачыл иши болуп эсептелет жана  Интерньюстун, Европа Биримдигинин, USAIDдин же АКШнын Өкмөтүнүн жана алардын өнөктөштөрүнүн позицияларын милдеттүү түрдө чагылдырбайт.

 

«Динамикалуу чөйрө үчүн туруктуулук жана ар түрдүү маалымат менен өз ара аракеттенишүү (REVIVE)» долбоору 2022-жылдан баштап Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү Интерньюс тарабынан ишке ашырылууда, ал Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Долбоордун максаты – ишенимдүү маалыматты сунуш кылуу аркылуу көз карандысыз ой-пикирлерди күчтөндүрүү. Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарына таза маалыматтык чөйрөнү түзүүгө, бурмаланган маалыматты пропагандалоого каршы турууга жана негиздүү чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт.

 

«Медиа-К» – бул Кыргызстандагы Интерньюстун көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөтүү боюнча ири индустриялык долбоору. 2022-жылдын күз мезгилинен баштап «Медиа-К» долбоорунун жаӊы беш жылдык этабы USAID уюмунун колдоо көрсөтүүсү менен жана «Фридом Хаус» катышуусунда башталды. «Медиа-К» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы Интерньюс көз карандысыз медиаларга, тактап айтканда аймактык редакцияларга жана кыргыз тилиндеги материалдарга колдоо көрсөтөт. Жаӊы фазанын алкагында көз карандысыз медиалардын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө, алардын каржылык туруктуулугун чыӊдоо боюнча иштер башталды, санариптик коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жардам көрсөтүлүүдө, жана ошондой эле ЖМКнын эркиндигин колдоо, ири аудиториялардын арасында медиасабаттуулукту илгерилетүү, медиасынды, дата-журналистиканы өстүрүүгө көмөктөшүү, фактчектердин жана маалыматты бурмалоо менен күрөшүү боюнча мониторинг жүргүзүүчүлөрдүн түйүнүн өнүктүрүү үчүн, ошондой эле социалдык жактан маанилүү сапаттуу контентти өстүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн укуктук жардам көрсөтүлүүдө.

 

«Текшердим» медиасабаттуулук боюнча улуттук кампаниянын расмий башталышына чакырабыз!

 

Өткөрүлүүчү күнү: 31-март, 2023-жыл

Өткөрүлүүчү убактысы: 15:00-17:00

Өткөрүлүүчү дареги: Бишкек ш., ololoPlanet, Юнусалиев көч., 80, 1-кабат, конференц-зал.

 

Спикерлер:

  1. Айсулуу Текимбаева, REVIVE долбоорунун улук менеджери;
  2. Алтынай Джуманазарова, ololoMedia’нын жетекчиси;
  3. Асель Сооронбаева, Checkit Media’нын башкы редактору;
  4. Айчурок Усупбаева, «Медиа Сабак» КФнын программалык директору;
  5. Исмаил Карыпов, КРдагы Интерньюстун программалык координатору.

 

Иш-чарага катталуунун формасы: https://forms.gle/dHvr17TVS7eYaZ6g6

 

Кампанияны уюштуруучулардын байланышуу түйүндөрү:

E-mail: media@ololo.city

Моб: +996 (559) 000 913, Алтынай Джуманазарова

Другие новости

load img

Об итогах онлайн марафона #Текшердим

16:39   03.04.2024
load img

Ищем проектного менеджера

17:14   01.04.2024
load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024