Новости

Проекты

KG
28/04/2023

КАРА-СУУДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК ЖААТЫНДА ИШТЕГЕН МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ОБЛУСТУК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

load img

Кара-Суу районунунда жайгашкан Сыдык Алайчы уулу атындагы № 87 инновациялык мектеп гимназиясынын, Кычан Жакыпов атындагы № 61 зээндүү балдардын жатак-гимназиясынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы № 69 мектеп гимназиясынын базасында «PISA-2025 изилдөөсүнө даярданууда медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун ролу» аттуу облустук семинар уюштурулду. Ош облусу жана Ош шаарындагы медиасабаттуулук жаатында иш алып барган мугалимдер үчүн уюштурулган бул иш-чара тууралуу Ош билим берүү институтунун кызматкери,  «МедиаСабак» коомдук фондунун Түштүк региону боюнча координатору  Тынчтыкбек Досмуратов билдирди. 

 

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Ош билим берүү институтунун жылдык планына ылайык өтүп, ага облустун райондорунан, ошондой эле Ош шаарынан мектептик медиа бурчтарды уюштуруп келаткан мугалимдер, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү медиасабаттуулук боюнча жооптуу усулчулар, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышкан. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Сыдык Алайчы уулу атындагы № 87 инновациялык мектеп гимназиясынын тарых-медиа музейи, STEAM предметтеринин лабораториялары жана «Кыргыз-Чек» киностудиясы ийриминин ишмердүүлүгү менен таанышып, өз пикир-сунуштарын билдиришкен. Андан соң катышуучулар үчүн Кычан Жакыпов атындагы № 61 зээндүү балдардын жатак-гимназиясынын окуучулары тарабынан медиасабаттуулуктун өнүгүү тарыхына байланышкан сахналык көрүнүштөр уюштурулуп, окуучулар медиа бурчтардын ишин алып баруудагы, ошондой эле тынчтык клубдарын уюштуруудагы эмгектери менен тааныштырышты. Артынан бул мектептин PISA-2025 изилдөөсүнө даярдануудагы алдыңкы иш-тажрыйбалары көрсөтүлдү.  

 

Облустук семинардын соңунда Чыңгыз Айтматов атындагы № 69 мектеп гимназиясынын окуучулары улуу жазуучунун чыгармаларына байланыштуу номерлерди аткарып, өз таланттарын тартуулашкан. Муну менен катар мектеп жетекчилиги келген конокторго мектептин сайтын презентациялап, медиа борборунун тарыхы менен тааныштырып өткөн Иш-чара облустук семинарды уюштурууга кошкон салымдары үчүн аталган мектептердин эмгек жамааттарын, ошондой эле алдыңкы иш-тажрыйбасы жайылтылган мугалимдерди Ош билим берүү институтунун Ыраазылык баракчалары, Ардак грамоталары менен сыйлоо менен жыйынтыкталган.

 

Эске сала кетсек, Ош облусундагы жана Ош шаарындагы мугалимдер медиасабаттуулук жаатындагы алдыңкы иш-тажрыйбаларды жайылтуу максатында кезектешип иш-чара өткөрүүнү адатка айлантышкан. 

 

Другие новости

load img

Баткен облусунун ММК өкүлдөрү арасындагы сынак

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024
load img

Итоги Медиалаба: Участники #Текшердим овладели искусством Фактчекинга и Сторителлинга

14:46   26.02.2024
load img

Запуск марафона и менторской программы #Текшердим

14:44   26.02.2024