Новости

Проекты

EN
03/03/2023

Нарын жана Ош областтарынын журналисттери экономикалык журналистика боюнча курстан өтүшөт

load img

 

“Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” долбоорунун алкагында “Медиа Сабак” коомдук фонду Кыргызстандагы ACTED уюму менен биргеликте журналисттер, блоггерлер жана медиа өкүлдөр үчүн экономикалык журналистика боюнча тренинг жарыялаган. Нарын жана Ош облустарынан жалпы 12 катышуучу экономикалык темадагы материалдарды даярдоо, маалыматтарды чогултуу жана аларды жеткиликтүү тилде калкка жеткирүү боюнча көндүмдөрүн жогорулатат. Мындан тышкары, журналисттер IDEA Борбордук Азиянын “Маалымат инкубатор” программасын аяктап, анда маалыматтарды талдоо жана визуалдаштырууну үйрөнүшөт.

 

12 катышуучу T-Media, ОШ ТВ, BBC, Клооп кыргызча, Нарын ТВ, Куланак, Усупбекстан, Тунук медиа борборлорунун өкүлдөрүнөн, эркин журналисттерден жана YouTube-блогерлеринен куралды. Окутуу 2023-жылдын 15-февралынан башталып, 31-майына чейин уланат. Курсту аяктагандан соң журналисттер экономикалык темадагы макалаларды, репортаждарды жана материалдарды даярдашып, ал эмгектер аймактык, республикалык каналдарда көрсөтүлөт. Окутуунун алкагында Нарын жана Ош облустарында журналисттер, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, массалык маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек столдор уюштурулат.

 

Иш-чара аймактык экономикалык журналистиканын маселелерин жана көйгөйлөрүн талкуулоону көздөйт. Тегерек үстөлдөрдүн алкагында катышуучулар тренингдин катышуучуларына темаларды сунушташы күтүлүүдө. “Медиа сабак” коомдук фондунун директору Айчүрөк Усупбаеванын айтымында ММКда экономикалык багыт анча өнүкпөй, керектөөчүлөр тарабынан жеткиликтүү кабыл алынбай келет. «Материалдарды даярдоо үчүн маалымат, билим жана ресурстар жетишсиз. Биз журналисттерди экономикалык темаларды кантип чагылдырууга үйрөтүүнү гана эмес, адамдар эмнени билгиси жана изилдегиси келерин да аныктагыбыз келет» дейт ал.

 

Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу (EGED) – бул Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана Өнүктүрүү Бюросунун (FCDO) программасы 2020-2025-жылдары Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда экономикалык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана айкындуулугун жогорулатуу максатында реформалардын артыкчылыктары боюнча тандалып алынган тармактарда ишке ашырылат.

 

Other news

load img

Конкурс среди медиа представителей Баткенской области

15:23   20.03.2024
load img

Конкурс на участие в международном лагере по МИГ

11:34   06.03.2024
load img

Итоги Медиалаба: Участники #Текшердим овладели искусством Фактчекинга и Сторителлинга

14:46   26.02.2024
load img

Запуск марафона и менторской программы #Текшердим

14:44   26.02.2024